Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
631 Бардыгы / ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ УКМКнын ОШ ШААРЫ ЖАНА ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ ОШ. Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз […]
632 Бардыгы / ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ УКМКнын ОШ ШААРЫ ЖАНА ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ ОШ. Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ УКМКнын ОШ ШААРЫ ЖАНА ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
01.08.2023 / Автор anarkan_kg

633 Бардыгы /
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ УКМКнын ОШ ШААРЫ ЖАНА ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
ОШ. Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин, тактап айтканда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктарынын өлкө тарыхындагы олуттуу ролун баса белгиледи. Президент Совет мезгилинен бүгүнкү күнгө чейинки маанилүү окуяларга өзгөчө токтолуп, алардын республикадагы туруктуулукту сактоодогу иштерине кеңири баяндама жасады. Ушуга улай Садыр Жапаров бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жараткандыгын бөлүп айтты. Президент буга байланыштуу тармактык органдардын кызматкерлерине карата талаптар да өсүп жатканын, алардын иши саясий жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык бүтүндүктү сактоо жана бул багыттагы иш-чараларды күчөтүү боюнча милдеттер менен көбөйгөнүн белгиледи. Мамлекет башчысы баардык бул маселелерге өлкө жетекчилиги тарабынан комплекстүү көңүл бурулуп жаткандыгын баса белгиледи.
Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасы тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, анда мезгил-мезгили менен пландуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келгендигин баса белгиледи. Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине заманга ылайык шарттарды түзүп берүү максатында өткөн жылы 2836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курулуп баштаган. Бүгүнкү күндө обөекттердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга тапшщырылып жатат. Мамлекет башчысы жаңыланган шарттар регионалдык башкармалыктын кызматкерлерине жаңы дем-күч берип, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген бекем ишенимин дагы ачык билдирди.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчилдик жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Сөз сүйлөгөндөн кийин мамлекет башчысы жаңы обьекттердеги кызматтык жайларды карап чыгып, жаңыланган шарттарды көрүп, башкармалыктын аймагын бир сыйра кыдырып чыкты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg ИСЛАМБЕК УВАЙДИЛЛАЕВ ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК 5 ДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛАТ
-
20.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТУК ООРУКАНАНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ СООДА ТҮЙҮНДӨРҮ БУЗДУРУЛУУДА
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫДАН АСФАЛЬТ ТӨШӨЛГӨН КУРОРТ КӨЧӨСҮ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.