Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
622 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин бул маселе боюнча анын дарегине жолдогон катына байланыштуу “Кабар” агенттигине маек курду. Ал Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирди. “Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен […]
623 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин бул маселе боюнча анын дарегине жолдогон катына байланыштуу “Кабар” агенттигине маек курду. Ал Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирди. “Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен […]
ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ САНКЦИЯ БОЮНЧА АКШ СЕНАТОРУНУН КАТЫНА ЖООП БЕРДИ
10.08.2023 / Автор Orozaly624 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин бул маселе боюнча анын дарегине жолдогон катына байланыштуу “Кабар” агенттигине маек курду.
Ал Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирди.
“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай – өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз”, – деген президент.
Ал өзүнүн дарегине сенатордон тышкары көп жактан кат келип турарын, муну “жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу” деп эсептей турганын айтты. Президент Кыргызстан эгемен мамлекет катары көп векторлуу саясат жүргүзө турганын, Украинадагы согушта башынан бери нейтралдуу позицияны кармап келатканын кошумчалады.
Мунун алдында АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырганын “Америка авазы” (Voice of America – ред.) сайты жазды.
Сенатор катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.
Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө баштаган.
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде түзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатканын айткан. Ал кыргыз тарап санкциянын алкагында кооптонуу жараткан товарларды чогуу карап чыгууга даяр экенин билдирген.
Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере электигин белгилеген. Ошентсе да, кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштап, буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айткан.
Анын алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.
Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулган.
“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.
Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.
WWW.
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА АВТОУНАА АЙДАЙ КАЧКАН 23 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.