Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
400 Бардыгы / Эгерде адамдар жакшылык кылуудан калышса, бири экинчисин кубандыра алышпаса, анда дүйнөнү ырайымсыздык каптайт. Мухтар ШАХАНОВ, Казак Эл акыны. Биргездеги Ноокат райондук аймактык ооруканасы заман талабына жараша Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборуна (ЖДПБга) айландырылган. Атаган медициналык мекемеде 2016-жылдан бери телемедицина системасы дагы абдан ырааттуу ишке ишке киргизилген. Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борбору […]
401 Бардыгы / Эгерде адамдар жакшылык кылуудан калышса, бири экинчисин кубандыра алышпаса, анда дүйнөнү ырайымсыздык каптайт. Мухтар ШАХАНОВ, Казак Эл акыны. Биргездеги Ноокат райондук аймактык ооруканасы заман талабына жараша Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборуна (ЖДПБга) айландырылган. Атаган медициналык мекемеде 2016-жылдан бери телемедицина системасы дагы абдан ырааттуу ишке ишке киргизилген. Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борбору […]
СЫРКООЛОР ЫЙЛАП КИРИШИП, КҮЛҮП ЧЫГЫШКАН ООРУКАНАДА
14.08.2023 / Автор anarkan_kg402 Бардыгы /
Эгерде адамдар жакшылык кылуудан калышса, бири экинчисин кубандыра алышпаса, анда дүйнөнү ырайымсыздык каптайт.
Мухтар ШАХАНОВ,
Казак Эл акыны.
Биргездеги Ноокат райондук аймактык ооруканасы заман талабына жараша Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборуна (ЖДПБга) айландырылган. Атаган медициналык мекемеде 2016-жылдан бери телемедицина системасы дагы абдан ырааттуу ишке ишке киргизилген.
Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борбору (ЖДПБсы) ушул тапта 605 орунга ылайыкташтырылган. 20 бөлүмдөн турат. Булардын арасынан үч бөлүм (неврология, ангриневрология, реабилитация) райондогу Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө жайгаштырылган.
Эртабылды КӨККӨЗОВ, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) директорунун уюштуруу жана усулдук иштер боюнча орун басары: – Ооруканабызда дарыгерлердин билим сапатын жогорулатуу максатында он-лайн окуу залы уюштурулган.Бул аркылуу Ата Мекендик жана Чет өлкөлүк эң мыкты адистердин баяндамасы тынбай көрсөтүлүп турат. Рентген жабдыгыбыз дагы дээрлик санариптештирилген. Анда тартылган сүрөттөрдү бир эле мезгилде ар кайсыл бөлүмдөрдө дагы дароо көрүүгө сонун шарттар жаратылды.
Авазкан АБДУВАЛИЕВА, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) жандандыруу бөлүмүнүн башчысы: – Мен Ташкент шаарындагы Борбор Азия Медициналык институтутунун педиатрия бөлүмүн бүтүргөмүн. Курсташтарымдын көпчүлүгү – өз ишинин дасыккан устаттары. Алар менен азыр дагы такай байланышып, өз ара тажрыйба алмашып дагы турабыз.
Нургүл НАДЫРОВА, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) сынык-жараат бөлүмүнүн улук медаймы, Сонун ТАШМАМАТОВА, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) чоңдорду жандандыруу бөлүмүнүн улук медаймы: – Биздин дарегибизге мурункудай жүйөөсүз сын, анан дагы жаман сөз айтылбай, дээрлик тыйылды. Анткени,бейтаптардын кошумча накталай эмес төлөмдөрү кабыл алуу бөлүмүнө орнотулган PDS – терминалга орнотулган. Ал эми ЖДПБнын бардык кызматкерлерипне маянасы өздүк карточкаларына гана которулат.
Ирсалат ИМАРОВА, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) терапия бөлүмүнүн башчысы: – Өлкөбүздөгү эл эле олуттуу көйгөй – жумушсуздук! А мунун кесепетинен – туруктуу өндүрүштүн жоктугунан нерв дартына чалдыккандар акыркы кезде ого бетер көбөйбөдүбү.Бул кесепеттин жакын арада тыйылчудай түрү жок! Бизге жапжаш адистер жолобой калышты. Себеби, азыркы биздин маянага жаштарыбыз дегеле чыдашпайт экен…
Арипжан ОСМОНОВ, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) кардиология бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы дарыгер: – Эң кейиштүүсү: калкыбыздын психологиясы таптакыр бузулду десем жаңылышпаймын. Жүрөк дарты, кан басымынын көтөрүлүшү, кант диабети улам арбып гана баратат. Анткени, тамак-ашыбыз бузулду. Таза эмес! Сөзсүз химикат кошулат. Анан дагы мекендештерибиз ак халатчандарга мурункудай ишеним артышып, дегеле сыйлабай дагы калышпадыбы. Блогер сөрөйлөр жана дагы ээн баш журналисттер бизди – дарыгерлерди бир ыктай тегиз каралаганга гана бекем ыкташты. Чындык кайда?!? Деги каякка баратабыз?!?
Сайрагүл УСЕНОВА, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары: – Кашайыптендер деген балакет кендирибизди куп гана кесип келатпайбы. А мунун айынан, биринчиден, дары-дармектерибиз уламдан улам кымбаттап гана баратат. Экинчиден, бул жааттагы коррупция дагыле тыйыла элек. Айткандын – өзү жаман, ыйлагандын – көзү жаман болуп баратат, эй…
Марип ТАШИЕВ, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) директору: – Бейтаптардын ал-акыбалын такай көзөмөлдөө максатында “IC-МЕДИЦИНА” маалымат базалык программасы ишке киргизилди. Бөлүмдөр арасында электрондук байланыш абдан активдештирилди. Республикабызда эң биринчи бизде медициналык кызматкерлердин ооруканага кирип-чыгуу жумуш убактысын башкаруу, оорукана ичиндеги маршураттарды тыкыр көзөмөлдөө иретинде гибриддик биометрикалык жабдык иштөөгө чегерилди.
Баса, Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунун (ЖДПБсынын) ак халатчандарына терең ыраазычылыгын билдиришип, алкышын айтууга ниеттенишкендер абдан көп экен. Биз булардын бирөөсүн – пенсионер Нускайым ШАЙИЕВАны гана кепке тартканга араң үлгүрдүк.
- 1980-жылдан бери бронхит менен ооруймун, – деп агынан
жарылды пенсионер Нускайым ШАЙИЕВА. – Дартым, чындыгында, өнөкөткө айланган. Бизди буердеги дарыгерлер күнү-түнү үзүлүп гана карап атышат. Бизге карата мамилелери дагы абдан сылык жана жылуу. Ылайым ушулардын биринин дагы колу дарт көрбөсүн!
Ноокат райондук жалпы дарыгердик-практикалык борборунда (ЖДПБсында) 2 амбулатордук диигностикалык бөлүм, 27 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 54 фельдшердик-акушердик бекети, жалгыз медициналык пункт, бир стоматологиялык эмкана жана 22 Тез жардам бекети үзгүлтүскүз иштеп жатакан чагы. Жалпы тажрыйбалуу дарыгерлердин саны – 281.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА «ӨЧПӨС ОТ» ЖАНДЫРЫЛДЫ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛЫНДА СОЦИАЛДЫК ШААРЧАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.