Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,216 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 29-августт күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак жай комплексинен батирлердин ачкычтарын тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн чыңдоого, өзгөчө улуттук коопсуздук органдарына жана чек […]
1,217 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 29-августт күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак жай комплексинен батирлердин ачкычтарын тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн чыңдоого, өзгөчө улуттук коопсуздук органдарына жана чек […]
ӨЛКӨ БАШЧЫ ЖАЛАЛ-АБАДДА УКМКнын ЖАНА ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЖАҢЫ КУРУЛГАН ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИНДЕГИ БАТИРЛЕРДИН АЧКЫЧЫН ТАПШЫРДЫ
30.08.2023 / Автор anarkan_kg

1,218 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 29-августт күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак жай комплексинен батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн чыңдоого, өзгөчө улуттук коопсуздук органдарына жана чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнө чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Мамлекет тарабынан аскер кызматкерлерине жаңы турак-жай куруу, заманбап кызматтык имараттарды салуу, кызматтык унаалар менен камсыз кылуу жана башка тийиштүү шарттарды түзүп берүү иштери тынымсыз уланууда.
Мынакей жакында эле улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери, ардагерлери жана алардын үй-бүлөсү менен жакындары үчүн Ысык-Көл облусунда “Айкөл” жана Арстанбап айылында “Ак илбирс” ден соолукту чыңдоо борборлорун капиталдык ремонттон өтүп, колдонууга берилгенине баарыбыз күбө болдук.
“Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара дагы өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнө карата мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктун бир бөлүгү десек туура болот”, – деди Садыр Жапаров.
Ошону менен бирге Президент УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы үчүн турак-жай комплекси быйыл биринчи жолу курулганын маалымдады. Анда 180 батирдин 95и үч бөлмөлүү, 55и эки бөлмөлүү жана 30у бир бөлмөлүү. Батирлердин жалпы аянты 11233 чарчы метрди түзүп, курулуш иштерине 540 млн. сом акча каражаты сарпталды.
“Бүгүнкү күндө комплекстин аймагында кызматкерлердин балдары үчүн 120 орундуу бала-бакча жана аскер госпиталынын курулушу кызуу жүрүп жатканын айта кетейин. Ал эми спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Аз убакытта бул обьектилерди дагы салтанаттуу түрдө ачып, тапшырып беребиз. Биз жоокерлерибизге, аскер кызматычыларыбызга алгач керектүү шарттардын баарын түзүп, анан катуу талап коебуз. Анткени улуттук коопсуздук, Ата Мекенибиздин бүтүндүгү баарынан кымбат турат. Шалаакылык кылып, ката кетирүүгө эч кимдин акысы жок”,- деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо аларды татыктуу кызмат өтөөгө түрткү бериши керектигин белгиледи. Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров бул багыттагы иштер мындан ары да улана берерин баса белгилеп, күч түзүмдөрүнө, чек арачыларга, ардагерлерге, алардын жакындарына чың ден соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакубатчылык, ал эми Кыргызстанга туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.