Аймак

ОШ ШААРЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ӨТКӨРҮЛДҮ

ОШ ШААРЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ӨТКӨРҮЛДҮ

 693 Бардыгы /

ОШ. Бүгүн, 30-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын, ички аскерлердин жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өздүк курамына саптык карооөткөрүлдү.
Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын басма сөз билдиргендей, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ош ШИИБдин башчысы Марлис Асанов, Ош ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Джоробеков, Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев жана укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты. «Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту сактоого даяр экендигин көрдүк. Барыбыз тереӊ жоопкерчилик менен бизге коомдук коопсуздукту сактоо
боюнча жүктөлгөн тапшырмаларды талаптагыдай аткарышыбыз керек. Жарандарга сылык мамиле жасоо менен мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекем сактоону эскертемин»,-
деди ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов.
Кызматкерлер бул күндөрү коомдук тартипти сактоо, жарандын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте
кызмат өтөшөт. Ош шаарынын, Ош облусунун аймагында өткөрүлүүчү бардык салтанаттуу иш-чараларга милиция кызматкерлери бөлүштүрүлүп, тиешелүү
тапшырмалар берилген. Майрамдык иш-чараларга жана коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыктардын жана башка укук
коргоо органдарын 2000 ашуун кызматкерлери тартылган. Ошондой эле майрам күнү башка аймактардан да кошумча күч түзүмдөрү тартылып, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшөт.
Мурда кабарлаганыбыздай, 29-августтан 2-сентябрга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшмөкчү. Гарнизондук саптык кароо салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17