Аймак

Б.ОСМОНОВ КӨЧӨСҮНӨ ЖАҢЫДАН АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

Б.ОСМОНОВ  КӨЧӨСҮНӨ ЖАҢЫДАН АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

 705 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Бекмамат Осмонов көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери  жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, учурда шаардагы Б.Осмонов көчөсүндөгү эски асфальты алынууда. Аталган көчөгө жаңыдан асфальт төшөөдөн сырткары жолдун эки тарабына темир-бетон арык куурлары жаткырылып, тротуар курулат.

Жолдун узундугу  2,5 чакырым, туурасы 14 метрди түзөт.

Бекмамат Осмонов көчөсүн реконструкциялоо республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда. Ал эми эки тарабына тротуар куруу каражат жергиликтүү бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында быйыл жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17