Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
967 Бардыгы / Урматтуу Кыргызстандыктар!Ардактуу кесиптештер!Кадырман ардагерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 32 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Эгемендик – ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз, ыйык дөөлөтүбүз, бийик сыймыгыбыз. Эгемен өлкөбүздү көздүн карегиндей бекем сактап, калкыбыздын коопсуздугун татыктуу камсыздоо – баарыбыздын ыйык милдетибиз болуп саналат.Ата-бабаларыбыз тагдырдын кыйын кезеңдерин татыктуу […]
968 Бардыгы / Урматтуу Кыргызстандыктар!Ардактуу кесиптештер!Кадырман ардагерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 32 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Эгемендик – ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз, ыйык дөөлөтүбүз, бийик сыймыгыбыз. Эгемен өлкөбүздү көздүн карегиндей бекем сактап, калкыбыздын коопсуздугун татыктуу камсыздоо – баарыбыздын ыйык милдетибиз болуп саналат.Ата-бабаларыбыз тагдырдын кыйын кезеңдерин татыктуу […]
КРдин ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ УЛАН НИЯЗБЕКОВДУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫНЫН 32 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ КАРАТА КУТТУКТООСУ
31.08.2023 / Автор anarkan_kg

969 Бардыгы /
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Ардактуу кесиптештер!
Кадырман ардагерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 32 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Эгемендик – ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз, ыйык дөөлөтүбүз, бийик сыймыгыбыз. Эгемен өлкөбүздү көздүн карегиндей бекем сактап, калкыбыздын коопсуздугун татыктуу камсыздоо – баарыбыздын ыйык милдетибиз болуп саналат.
Ата-бабаларыбыз тагдырдын кыйын кезеңдерин татыктуу көтөрүп, далай сыноолордон тайманбай өткөн. Биз азыр да бабалардын эгемендик үчүн талбаган аракетке ширелген көөнөрбөс көрөңгөсүнөн кубат алып, чыйралабыз. Кыргыз милициясы өзүнүн басып өткөн жолунда бир катар кыйынчылыктарга жана мезгилдин сыноолоруна дуушар болгон. Бирок, өзүнө жүктөлгөн милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, турмуштун өйдө-төмөн соккуларына моюн сунган жок. Муну тарых барактарындагы маалыматтар айгинелеп турат.
Совет доорунда жана Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында биздин милиция кийинкиге жол көрсөтүп, коопсуздуктун пайдубалын түптөдү. Бүгүнкү күндө замандын талаптарына жараша коомчулуктун тынч жашоосун камсыздап, ички иштер органдарынын дараметин эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн күнү-түнү талыкпаган аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Натыйжада масштабдуу жана системалуу өзгөрүүлөрдү жасоого жетиштик. Кылмыш болгондон кийин анын кесепети менен күрөшпөй, алдын алуу функциясын чыңдап, жарандарды сервистик тейлөө процедурасын калыптандырууга үлгүрдүк. Республикадагы
баардык бөлүмдөргө заманбап шарттарды түзүүнүн үстүндө аракеттерди көрүп жатабыз.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, элге жат көрүнгөн окуяларды алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана башка ушул сыяктуу коомубуздун жай турмушуна терс кесепетин тийгизген жагдайларга бөгөт коюп, калк менен жолугушууларды туруктуу бир тартипке салдык. Талыкпаган аракеттердин жыйынтыгында, элдин милицияга болгон ишеними бир кыйла жогорулады. Арийне, бул көрсөткүч менен гана чектелип калбастан алдыга
койгон максаттарды ишке ашырууну, элге талыкпаган кызмат көрсөтүүнү жигердүү уланта бермекчибиз. Жылдар өтүп, мезгилдер алмашып, доор өзгөрсө да, улуттук улуу мурастарды туу тутуп, абийир, намыс, баатырдык, айкөлдүк деген сапаттары жок болуп кетпей, калың элдин катмарында сакталып келе жаткан журтубуздун сапары байсалдуу болсун.
Эгемендүүлүк – бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын – ар бирибиздин ички сезимибиздеги улуу салтанаты десем жаңылышпайм! Көз карандасыздыктын символун даңазалаган улуу майрамда, жалпы өздүк курамды, ардагерлерди, алардын үй-бүлөсүн ички иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Сиздерди урматтоо менен
Улан НИЯЗБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.