Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,285 Бардыгы / 30-августта Жогорку Сот Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Муну менен адвокаттын өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. Эми бул ишти жаңы курамдагы сот башынан карайт. 2023-жылы 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук […]
1,286 Бардыгы / 30-августта Жогорку Сот Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Муну менен адвокаттын өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. Эми бул ишти жаңы курамдагы сот башынан карайт. 2023-жылы 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук […]
ЖОГОРКУ СОТ УКРАИНАДАГЫ СОГУШКА КАТЫШКАН ЖАРАНДЫН ИШИН КАЙРА КАРООГО ЖӨНӨТТҮ
31.08.2023 / Автор anarkan_kg

1,287 Бардыгы /
30-августта Жогорку Сот Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Муну менен адвокаттын өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. Эми бул ишти жаңы курамдагы сот башынан карайт.
2023-жылы 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Украинадагы согушка Орусия күчтөрүнүн катарында катышканы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон.
Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Бул Украинадагы согушка аралашканы үчүн Кыргызстанда жазага тартылган алгачкы учур болгон.
Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылы июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.
Буга чейин Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган.
Ушундан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.
Расмий Бишкек бул билдирүүгө үн ката элек. Тиешелүү маалымат алуу өтүнүчү менен “Азаттык” Тышкы иштер министрлигине кайрылган.
Кыргызстандык талдоочулар “жалданмачылык” айыбы менен соттолгон жаранды Орусияга өткөрүп алуу аракетин Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалап жатышат.
Жакында эле дагы бир кыргызстандык Бекназар Бөрүгул уулу Украинадагы согушка катышып келгени аныкталып, камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарындын 27 жаштагы тургунун 1-августта күч органдары жалданмачылыкка шектүү катары кармаган. Ал Орусияда абакта отурган жеринен “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып, кичи мекенине 8-июлда кайтып келгени аныкталган.
Кыргызстан эгер жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
20.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТУК ООРУКАНАНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ СООДА ТҮЙҮНДӨРҮ БУЗДУРУЛУУДА
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫДАН АСФАЛЬТ ТӨШӨЛГӨН КУРОРТ КӨЧӨСҮ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.