Аймак

ОШТО 31 МЕКТЕПКЕ ТИЙИШТҮҮ АЯНТТАРГА ТОЙКАНА, ҮЙ ЖАНА ДҮКӨН САЛЫП АЛЫШЫПТЫР

ОШТО 31 МЕКТЕПКЕ ТИЙИШТҮҮ АЯНТТАРГА ТОЙКАНА, ҮЙ ЖАНА ДҮКӨН САЛЫП АЛЫШЫПТЫР

 636 Бардыгы /

          ОШ. Ош шаарындагы жалпы 52 мектептин ичинен 31 окуу жайдын жер тилкеси жеке жактарга эбак өтүп кетиптир. Ал жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана берүү фактылары 1996-2006-жылдар аралыгында эң көп катталгандыгы баса белгиленди.           Ошондуктан, Ош шаардык мэриясы ушул тапта саналган мектептин жерлери кимге, качан, ким тарабынан берилгендиги тууралуу маалыматтарды дээрлик тактап бүттү. Мунун жыйынтыгында ушул тапта  укук коргоо органдарынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын дагы өткөрүлдү.

          Мында көрүлүүчү чаралар, мектептердин аянтын кайтарып алуу боюнча алдыда жасалчу жумуштар аныкталып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар дагы берилди. Ушуга улай тиешелүү маалыматтарды жана иш кагаздарын ыкчам берүүнү камсыздап, соттук жаряндарда бирдиктүү иш алып баруу үчүн жумушчу топ дагы түзүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17