Аймак

ОШТО «ТҮШТҮК ЭКСПО – 2023” VII ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСАЛДУУ КӨРГӨЗМӨ- ЖАРМАҢКЕСИ АЯКТАДЫ

ОШТО «ТҮШТҮК ЭКСПО – 2023” VII ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСАЛДУУ КӨРГӨЗМӨ- ЖАРМАҢКЕСИ АЯКТАДЫ

 450 Бардыгы /

          ОШ. Ош улуттук драма театрында “Түштүк Экспо – 2023” VII Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жармаңкеси аяктады. Анын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Орусия, Германия, Кытай, Иран, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Оман мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан, мунун ичинде Баткен, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарынан жеке ишкерлер катышышты.

          Аталган көргөзмө-жарманкеде ата-мекендик өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукцияларын байма-бай тартуулашты. Ал эми чет өлкөлөрдөн келишкен коноктор жармаңкеге коюлган продукциялар менен жеринде таанышышып, сапатына дагы баа беришти. Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев Ош жергеси Кыргызстандын бай жана көп кырдуу экономикасы бар ири жана маанилүү аймактарынын бири экендигин баса белгиледи. Белгилей кетчү жагдай: аталган жарманкенин максаты — ата мекендик ишканалардын продукциясын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин рынокторуна чыгаруу, экономиканын түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүү жана андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Ошентип, “Түштүк Экспо – 2023” иш-чарасынын экинчи бөлүгү “Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” деген аталышта бизнес-форум менен кошо уланды. Форумга Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар  Сыргабаев жана ошондой эле Орусия, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай, Иран, Оман жана Германиянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн, бейөкмөт уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.

          Форумдун жүрүшүндө Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев ушул тапта аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк темасы негизги болуп калгандыгын, анткени. аймакты өнүктүрүүдө көрүнүктүү натыйжаларга жетишүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү, тажрыйба алмашуу керек экендигин дагы баса беелгиледи.

  • “Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” деген

бизнес-форуму өзүнүн ийгиликтүү жемишин берет деген терең ишеничтебиз! — деп агынан жарылды Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев.

          Ушудан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстан өнүгүүсү үчүн аймактар сөзсүз өнүгүүсү керектигин баса белгиледи: – Кыргызстанга келген ар бир инвесторлордун артынан жүрүп, жергебизге ишкердик субьектилерди, завод-фабрикаларды курууга, туризимди өнүктүрүүгө аракеттерди көргүлө деген Өлкө башчыбыздын тапшырмасы бар. Буга байланыштуу ишкерлер салыктын дагы түрлөрүнөн бошотулуп, аларга жакшы шарттарды жаратып берүүдөбүз. Ошондуктан бул форум дал ушул тапшырманы турмушка ашырууга өбөлгө болууда. Форумга келишкен чет өлкөлүк ишкерлер өздөрүнүн долбоорлорун сунушташып, ар тараптуу макулдашууларга дагы кол коюлмакчы.

          Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ар кайсыл өлкөлөрдөн жана аймактардан келген катышуучулар биргелешип иштөө, жалпы кызыкчылыктарды аныктоо жана аймактардын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн байланыштарды чыңдоонун идеяларын ортого салышты. Муну менен катар аймактардын инвестициялык жана туристтик дараметине бекем басым жасалган көптөгөн долбоорлор дагы сунушталып, өнүктүрүү фонддорунун кредиттик ресурстарына жетүү шарттарын талкуулашты. Ушундан соң Ош облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча бизнес форумдун алкагында ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен Синьцзян эл аралык “Кытай бүркүтү” соода компаниясынын директору Чжан Вэньчжуан жана «Чонгцин Сокон Мотор Групп» ЖЧКсынын өкөлү Хэ Цзян менен ири өнөр жай комплексин куруу боюнча меморандумга дагы кол коюшту. Бул инвестициялардын жалпы көлөмү 920 миллион АКШ долларын түзөт. Аталган долбоор кыска арадыкта жумуш орундарын түзүүгө, инфрастүзүмдү ого бетер өнүктүрүүгө жана аймактагы экономикалык өсүшүн стимулдаштыраарын дагы баса белгилешти. Бул олуттуу өз ара макулдашуулар Ош облусу үчүн экономикалык өсүш гана эмес, эки өлкөнүн инвестиция жана соода тармагында жакындашуусун дагы туюндурат.

          Ошентип, “Түштүк Экспо – 2023” VII Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жармаңкеси жана дагы “Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” деген аталыштагы бизнес-форум Эл аралык кызматташтыкты жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу үчүн абдан чоң ролду ойноору шексиз. Аталган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана дагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу районундагы «Имзо» пластикалык эшик-терезелерди жасаган ишкананын ишмердүүлүгү менен жеринде кеңири таанышып чыгышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17