Аймак

ОШ ШААРЫНДАГЫ ҮЧ ӨТМӨК ЖАНА ЭКИ ДЕҢГЭЭЛДҮҮ ЖЕР АСТЫНАН ӨТҮҮЧҮ УНАА ЖОЛУН КУРУУ СУНУШ ЭТИЛДИ

ОШ ШААРЫНДАГЫ ҮЧ ӨТМӨК ЖАНА ЭКИ ДЕҢГЭЭЛДҮҮ ЖЕР АСТЫНАН ӨТҮҮЧҮ УНАА ЖОЛУН КУРУУ СУНУШ ЭТИЛДИ

 1,098 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында дагы үч өтмөк жана эки денгээлдүү жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу сунуш этилди.

Ошентип Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов унаа кыймылынан жаралган тыгындарды мындан ары жоюу максатында мэриянын техникалык кеңешмесинин көчмө жыйынын өткөрүп, анда дагы үч өтмөк жана эки денгээлдүү жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу сунушталды. Алар:

– Апсамат Масалиев, Ысыакбек Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде «Боз үй» элесин чагылдырган өзгөчө улуттук стилдеги жөө адамдар үчүн.

– Ысакбек Монуев, Ааскар Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн.

– Гапар Айтиев жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар үчүн өтмөк куруу.

Ошондой эле аталган заманбап долбоордун алкагында Ысакбек Монуев көчөсүн мындан ары ого бетер кеңейтүү маселеси дагы бар. Ошондуктан, жеринде тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жана дасыккан адистер долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу боюнча бир катар сын-сунуштарын дагы беришти.

Кыскасы, өтмөктүн эскиздик долбоору Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалып коомдук талкууга дагы чыгарылды. Эгерде сиздерде долбоорго кошумча сунуш, ой-пикир болсо билдирсеңиздер болот. Быйыл долбоор жасалып, өтмөктүн курулуш иштери кийинки жылдын жаз айларынан башталат.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17