Аймак

ОШ ШААРЫНДАГЫ БАРДЫК НААВАЙКАНАЛАР АТА МЕКЕНДИК УНДУ ГАНА КОЛДОНУУГА ТЕГИЗ ӨТҮШТҮ

ОШ ШААРЫНДАГЫ БАРДЫК НААВАЙКАНАЛАР АТА МЕКЕНДИК УНДУ ГАНА КОЛДОНУУГА ТЕГИЗ ӨТҮШТҮ

 927 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы бардык наавайканалар мындан ары милдеттүү түрдө ата мекендик өндүрүштөгү ундан гана тандыр нандарды жапырт өтүштү.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына караганда, ушул тапта Ош шаарында дээрлик 200гө чукул наавайкана бар жана алардын кожоюндары курамы пайдалуу азыктар менен байытылган Кыргызстандын ундарынан гана тандыр нандарын жайылтууну көздөшүп, бүгүнкү күндө шаардагы наавайканалар жергиликтүү ундан пайдаланышып жатышат.

Ошентип Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү жергиликтүү наавайкана ээлери менен жолугушуп, ата мекендик ундан гана тандыр нандарын жасап чыгаруу сунушун киргизген эле. Жергиликтүү унду урунуу менен жасалган тандыр нандар дүкөндөрдө жана базарларда мурдагыдай эле 25 сомдон гана сатылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17