Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ПАРКТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ПАРКТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

 801 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 11-октябрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Орусиянын достугун чыңдаган сейил бак парктын курулушуна капсула салынып, көчөттөр отургузулду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баштаган делегация курамы, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Аталган парк Орусиянын каржылык колдоосу менен Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан курулат. Фонддун төрагасы Артем Новиков эки өлкөнүн достук сейил багынын долбоору менен тааныштырды. Анын айтымында бул паркка коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол тениси, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) аянтчалары курулат.

Парктын аянты 7 гектарды түзүп, ага 2 млн. доллар инвестиция тартылууда. Курулуш иштерин 2024-жылы бүткөрүү пландалган.

Учурда Жалал-Абад шаарында 3 парк бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17