Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУ ОРУСИЯНЫН СВЕРДЛОВСК ЖАНА ЧЕЛЯБИНСК ОБЛУСТАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

БАТКЕН ОБЛУСУ ОРУСИЯНЫН СВЕРДЛОВСК ЖАНА ЧЕЛЯБИНСК ОБЛУСТАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

 645 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргызстандын Баткен облусу менен Орусиянын Свердловск жана Челябинск облустарынын ортосундагы өз ара  кызматташтыкты орнотуу боюнча ниеттенүү протоколуна акыры кол коюлду. Бул салтанаттуу азем  Жалал-Абад шаарында өткөн «Кыргызстан менен Орусисиянын өнөр жай кооперацияларынын жаңы горизонттору»  Кыргыз-Орус аймактар аралык X мааракелик конференциясынын алкагында жүргүзүлдү.

          Аталган келишимдер эки мамлекеттин аталган облустарынын ортосундагы экономика, жаштар саясаты, маданият, спорт жана туризм тармагында кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү, соода – экономикалык, илимий – техникалык жана маданий- гуманитардык чөйрөдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашыруу, мунун арасында облустардын калкынын кызыкчылыгындагы достук, ишеним, өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана өнөктөштүк принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана куруу максатын гана көздөйт.

          Баса, Протоколго президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев, Орусиянын Свердловск облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Ярин, ал эми Челябинск облусу менен кызматташууну орнотуу боюнча ниеттенүү меморандумуна Челябинск облусунун губернаторунун орун басары С.Сушков кол коюшту.

          Мындан тышкары Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Орусиянын «Юнигрин Энерджи» мекемеси жана Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргыз Респуликасынын министрлер кабинетинин алдындагы Жашыл энергия фонду мамлекеттик компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга дагы кол коюлду.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17