Аймак

Алтынбек СУЛУЕВ: “НООКАТТА ЖАКЫР ЖАШАГАНДАРДЫН САНЫ ЖЫЛ ӨТКӨН САЙЫН УЛАМ АЗАЙЫП ГАНА БАРАТАТ”

Алтынбек СУЛУЕВ: “НООКАТТА ЖАКЫР ЖАШАГАНДАРДЫН САНЫ ЖЫЛ ӨТКӨН САЙЫН УЛАМ АЗАЙЫП ГАНА БАРАТАТ”

 2,298 Бардыгы /

Ноокат району – Ош облусундагы эң чоң аймактардын бири. Анда жакырчылыктын деңгээли ушул тапта 28,7 пайызды түзүп олтурат. А бул көрсөткүч 2022-жылдын дал ушул мезгилине салыштырганда, кедейчилик дээрлик 0,8 пайызга эле араң кыскаргандыгын туюндурат. Бул туурасында Ноокат райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек СУЛУЕВ кабарчыбызга курган маегинде дагы шардана кылды.

-Алтынбек мырза, Ноокат районунда мамлекеттик жөлөк пул алгандардын катары деги кыскардыбы, же?

-Ушул күнгө карата Ноокат районунда 6580 үй-бүлөгө жана дагы

23 473 балага “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пул дайындалды. А бул көрсөткүч районубуздагы 49 331 кожолуктун дээрлик 13,3 пайызын, ал эми 17 жашка чейинки 123 201 баланын 19, 1 гана пайызын чапчыйт. Ал эми буларга жөлөк пулдун ар бирининин орточо көлөмү 1206 сомду түзүп олтурат.

Ал эми 2022-жылдын ушул мезгилине карата 7505 үй-бүлөгө мамлекеттик жөлөк пул дайындалган эле. Бул деңгээл кожолуктун 15,4 пайызын, ал эми 17 жашка чейинки балдардын 22,1 пайызын түзөт. Ошондо былтыркы жылдын дал азыркы убактысына караганда жакырчылык деңгээли 925 үй-бүлөгө, ошондой эле 2123 балага кыскарды дегенди ачык туюндурат. А бул районубузда жакыр жашагандардын саны дээрлик жыл өткөн сайын уламдан улам кыскарып гана баратат дегенди айгинелейт.

-Баса, районуңуздарда Улуу Ата Мекендик согуша катышкандардын бирөө-жарымы деле калбадыбы?

-Көз тийбесин! Жападан жалгыз гана 98 жаштагы Карабай Базарбаев арабызда. Бул согуш ардагери ушул тапта Мирмахмудов атындагы Айыл Өкмөтүндө жашап жаткаг чагы. Ага быйыл Улуу Жеңиштин урматына Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Указына ылайык 200 миң  сом кенемте төлөдүк.

-Айтмакчы, бүгүнкү шартыбызга жараша ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү чектелгендер деле кыйла көбөйгөндүр?

-Районубузда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 8078 жаран катталган. А булардын 1215и – 18 жашка чейинкилер, 53ү – сөөк-муун дартына кабылгандар, 1452си – жаштайынан майыптар, 159у – жалпы жонунан оорукчан майыптар. Ушулардын 5100ү Ноокат райондук Социалдык фонду, ал эми 2978и Ноокат райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миргация башкармалыгы тарабынан социалдык жөлөк пул алып жатышат.

Буга улай 3826 жалгыз бой кары-картаңдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана дагы жашоо-шарты абдан эле начар үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджет эсебинен 3926400 сомдук жардам берилди. Мындан тышкары жеке ишкерлер жана дагы демөөрчүлөр тарабынан дагы 1000 майыпка жана үй-бүлөгө 809700 сомдук акчалай жана натуралай материалдык көмөк көрсөтүлдү.

-Майыптар арабасы тартыш эле?

-Ноокат райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миргация башкармалыгына 2022-жылы 45 жаран араба сурап кайрылган. Ал эми быйыл ушул күнгө карата 21 жараныбыз өтүнүч жолдоп олтурушат. 13 бала дагы дал ушундай жардамга абдан муктаж!

Жогорудагылардын баардыгын КИССП программасына кошконбуз. Ушул кезге дейре булардын 50сү заманбап араба менен камсыз этилди. Ошондо дагы 30у кезекке коюлду.

-Жетишкен заманда баш паанесиз калгандар деле бардыр?

-Ананчы! Булардын басымдуулугу – психоневрологиялык дартка чалдыккандар. Булардын экөөнү Баткан облусунун Кадамжай районундагы психоневрологиялык үй-интернатына, бирөөнү Жалал-Абад  психоневрологиялык балдар интернатына жайгаштырдык. Ал эми үч жаранга социалдык стационардык мекемеге жайланышуу боюнча жолдомо тапшырдык.

-Соңку кезде Кыргызстанда фостердик үй-бүлө (турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды багып алуучулар) институту түптөлбөдүбү. Мындан Ноокат району деле куру эместир?

-Ооба! Биздин районубузда атайын сертификатка ээ 8  фостердик үй-бүлө бар. Быйылкы апрель айынан тартып Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү фостердик үй-бүлөдө 1007-жылы туулган Нажимидин Гапаров, ал эми Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү фостердик үй-бүлөдө 2008-жылы туулган Назгүл Калыкова татыктуу тарбияланып жатышат. Буларга камкордук ата-энесиникинен кем эмес десем мен таптакыр жаңлышпаймын.

-Алтынбек мырза. Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” программасы деги үзүрүн берчүдөйбү?

-Албетте! Былтыр Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт”  программасына ылайык 60 үй-бүлөгө 100 миң   сомдон таратылган. Булардын  39у мал чарбачылыгына ыкташты. Экөө тигүүчүлүк менен алектенип жатышат. Үчөө соода-сатыкка менен оокат кылышууда. Бирөөсү коомдук тамактануу жайын иштетсе, экинчиси курулуш материалдарын ижарага берет. Дагы үчүнчүсү кол өнөрчүлүгүн ыраса активдешгтирди. А акыркысы кондитердик азыктарды белендеп келатат.

Ал эми быйыл районубуз боюнча 600 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Булардын 480и мал чарбасын өнүктүрсө. 13ү көчөт тикти. 43ү тигүүчүлүк менен алектенип келатат. 28и соода-сатык кылат. Төртөө мотоблок кызматын көрсөтөт. Дагы бирөө курулуш материалдарын ижарага берип келатат. Төртөө бал кармайт. Экөө калкка оргтехникалык кызматтарды көрсөтөт. 8и кондитердик азыктарды белендейт. Бирөө сулуулук салонун иштетет. Төртөө устачылык кылышса, бешөө тоок гана багат. Дагы бирөө биологиялык жер семирткичтерди өндүрөт. Дагы бирөөсү балмуздак чыгарат. А акыркысы мөмө-жемиш кургатат.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Алтынбек СУЛУЕВ 40 жашта. ОшМУнун юридикалык факультетин, үзгүлтүксүз билим берүү институтунун экономика адистигин аяктаган. Ош шаардык, Араван жана Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миргация башкармалыгын абдан ийгиликтүү жетектеген. Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында ротацияланып, Ноокат райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миргация башкармалыгынын башчысы вазийпасын абийирдүү аркалап келатат. Үч кыз, бир уулдун атасы. Келинчеги Адина Сабирова – үй кожейкеси. 

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17