Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
34 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында саат 5:30да Ош-Москва багытындагы SU1899 каттамындагы учак менен Москвага учуп барышкан кыргызстандыктардын арасынан ондогон жаран Орусияга киргизилбестен, кайрадан артка кайтарылгандыгы кабарланды. Бул туурасында кабарчыбызга авиа жүргүнчүлөрдүн бири билдирди. Ал кечээтен бери Шереметьево аэропортунда кармалып турушкандыгын мындайча шардана кылды: – 23-октябрда эртең менен 40тай адам – кыргызстандык депортацияланды. Дагы […]
35 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында саат 5:30да Ош-Москва багытындагы SU1899 каттамындагы учак менен Москвага учуп барышкан кыргызстандыктардын арасынан ондогон жаран Орусияга киргизилбестен, кайрадан артка кайтарылгандыгы кабарланды. Бул туурасында кабарчыбызга авиа жүргүнчүлөрдүн бири билдирди. Ал кечээтен бери Шереметьево аэропортунда кармалып турушкандыгын мындайча шардана кылды: – 23-октябрда эртең менен 40тай адам – кыргызстандык депортацияланды. Дагы […]
ОШ ШААРЫНАН МОСКВАГА БАРЫШКАН ОНДОГОН ЖҮРГҮНЧҮ АЭРОПОРТТОН ДЕПОРТАЦИЯЛАНДЫ
25.10.2024 / Автор anarkan_kg36 Бардыгы /
Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында саат 5:30да Ош-Москва багытындагы SU1899 каттамындагы учак менен Москвага учуп барышкан кыргызстандыктардын арасынан ондогон жаран Орусияга киргизилбестен, кайрадан артка кайтарылгандыгы кабарланды.
Бул туурасында кабарчыбызга авиа жүргүнчүлөрдүн бири билдирди. Ал кечээтен бери Шереметьево аэропортунда кармалып турушкандыгын мындайча шардана кылды: – 23-октябрда эртең менен 40тай адам – кыргызстандык депортацияланды. Дагы 30дай киши аэропортто олтурабыз. Биздин телефондорубузду текшеришти, менден «Эмнеге жазышкандарыңдын тарыхын өчүрдүң? Эмнелерди сүйлөшөсүң?» деп сурады. Ошол боюнча телефонду бир күн кечке колума беришкен жок, паролун сурап, алып калышты. Тамакты дагы бир күндөн кийин араё беришти. Артка кайтарылган жүргүнчүлөрдүн арасында Орусияга биринчи жолу келип аткандар дагы бар экен. Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигине Whatsapp аркылуу байланышсак, эч кимиси жооп бербеди. Чалсак, «Юрист иштейт. Силер Кыргызстанга барганда миграция кызматына кайрылгыла!» – дешти. Бир жарым сутка болду, эч кандай юрист бизге келген жок!
Оштук жүргүнчүнүн айтымында, артка кайтарылган жүргүнчүлөргө орусиялык чек арачылар бул кадамды «Орусиянын коопсуздугун сактоо максаты» сыёары гана түшүндүрүштү. Алар мындан ары 20 жылга дейре өлкөгө – Орусияга кире алышпай турушкандыгын эскертишти. Бирок, Кыргызстандын Москвадагы Элчилиги, Тышкы иштер министрлиги жана Орусиянын тиешелүү мекемелери бул маалыматтар, текшерүүлөр тууралуу эмдигиче комментарий берише элек.
Кыргызстандан Орусияга учуп барышкан мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармашып, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин дагы катталган. Ал эми 5-октябрда Ош-Москва каттамындагы учак менен Москвага барышкан жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы дээрлик Орусияга кире алышкан жок!
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ушул жылдын 5-октябрында Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алып, Кыргыз мигранттарынын маселесин өзүнчө кенен-чонон талкуулаган. Анда Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын балдарын мектепке киргизүү жана Орусиядан аэропорттон артка кайтарылган кыргызстандыктар боюнча сүйлөшүү жүргөндүгү кабарланган. А ушуга улай эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам Кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо, Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.
Расмий маалыматтарга таянсак, ушул тапта Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант жансактайт. Быйыл март айындагы Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлго» жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер жана дагы басым-кысым ыраса күчөгөн. Теракт уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик бардыгы теги борбор азиялык, негизинен Тажикстандын жарандары.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН ТАМГА” ТЕСТИРЛӨӨСҮ ЖОЮЛДУ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖОГОРКУ СОТ ЖУРНАЛИСТ ГҮЛЖАН ШЕРИПБАЕВАНЫ ТОЛУК БОЙДОН АКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.