Аймак

“ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА “А-ФРЕЙМ” ТИБИНДЕГИ КОТТЕДЖДЕР АЧЫЛДЫ

“ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА “А-ФРЕЙМ” ТИБИНДЕГИ КОТТЕДЖДЕР АЧЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кечээ, “Жалал-Абад” санаториясында курулган жаңы, заманбап үлгүдөгү төрт “А-фрейм” тибиндеги коттедждеринин ачылышы болду.

Иш-чарага президенттин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана санатория жамааты катышты.

Облус башчысынын орун басары кызматкерлерди куттуктап, окуя санаторийдин өнүгүүсүндөгү дагы бир кадам экенин белгиледи.

Максат Сыдыков, акыркы жылдары өлкөдөгү ири реформалардын алкагында, “Жалал-Абад санаториясында” да инфраструктуралык шарттарды жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын айтты. Бул аракеттер санаторийге келген меймандарды ыңгайлуулугу жана жайлуулугу менен кубантарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Жалал-Абад” санаториясы 1887-жылдан тарта иш алып барып келет. Өткөн жылы 12 миң 298 эс алуучуну кабыл алып, жалпы 142 млн сомго жакын киреше менен чыккан.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17