Аймак

МИЛИЦИЯ КҮНҮН УТУРЛАЙ КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН КИНОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМДӨРҮ АРАСЫНДА КӨП ТҮРДҮҮЛҮК БОЮНЧА МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

МИЛИЦИЯ КҮНҮН УТУРЛАЙ КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН КИНОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМДӨРҮ АРАСЫНДА КӨП ТҮРДҮҮЛҮК БОЮНЧА МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

 822 Бардыгы /

БИШКЕК. Кечээ, 18-октябрда милиция күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана күч түзүмдөрүнүн кинология бөлүмдөрү арасында көп түрдүүлүк боюнча мелдешинин ачылыш аземи болуп өттү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кинологиялык бөлүмдөр укук коргоо органдарында чоң ролду ойнойт, тергөө
иштеринде жана атайын операцияларда адистештирилген жардамды көрсөтүшөт.
Кинологтордун жана алардын тарбиялануучу иттеринин ортосундагы байланыш
коопсуздукту камсыз кылууда жана мыйзамдуулукту жана тартипти сактоодо
негизги байланыш болуп саналат.
Кинолог иттер теңдешсиз шыкка жана машыктыруучулукка ээ болушат. Алардын
жыт сезүү сезими ушунчалык өнүккөндүктөн, жыттарды бир топ аралыкта сезе
алышат. Бул баңги заттарды, жарылуучу заттарды, ошондой эле дайынсыз
жоголгон адамдарды издөөдө өзгөчө маанилүү.
Кинологиялык сынактар – бул таланттуу иттерди жана тажрыйбалуу
кинологдорду бирдиктүү коомчулукка бириктирип турат. Бул иш-чаралар
кинологиялык бөлүмдөрдүн кесипкөйлүгүнүн жана натыйжалуулугун жогорку
деңгээлин сактоодо маанилүү ролду ойнойт.
Мелдештерге Ички иштер министрлигинин, КР Юстиция министрлигине караштуу
Жазаларды аткаруу кызматынын, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик
бажы кызматынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара
кызматынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда.
Сыноолор төмөнкү машыгуулар боюнча өткөрүлөт: багаждан баңги
каражаттарын издөө, жүк ташуучу транспортунан баңги каражаттарын издөө,
жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларда баңги заттарды издөө, баш ийүү жана үйдөн
баңги каражаттарын издеп табуу.
Чемпионат 20-октябрга чейин созулуп, жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга
ээ болгон катышуучулар кубок жана медалдар менен сыйланат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17