Аймак

ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ АСКЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫНА “ЗАПАСТАГЫ ЛЕЙТЕНАНТ” АЛГАЧКЫ АСКЕРДИК ЧИНИ ЫЙГАРЫЛДЫ

ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ АСКЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫНА “ЗАПАСТАГЫ ЛЕЙТЕНАНТ” АЛГАЧКЫ АСКЕРДИК ЧИНИ ЫЙГАРЫЛДЫ

 963 Бардыгы /

ОШ. Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик  Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришкендей, Ош шаарында Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайрадан даярдоо борборунун (КЖжАККДБ) базасында мөөнөттүү аскер кызматындагы  жогорку билими бар аскер кызматчыларына “запастагы лейтенант” алгачкы аскердик наамынын ыйгарылышына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик  Чек ара кызматынынОш шаарында жайданышкан аскер бөлүктөрүнүн  жетекчилиги, аскер кызматчыларынын туугандары жана жакындары, ошондой эле КЖжАККДБнун жетекчилиги жана өздүк курамы дагы катышышты.

Былтыр күздө чакырылган 50гө жакын жогорку билими бар чек арачылар чек аранын тарамдарында  мөөнөттүү кызмат өтөшкөн. “Запастагы лейтенант” офицердик наамын алганга чейин булар бир ай аралыгында атайын жыйында болушуп, мотоаткычтар взводдорунун командирлери кызматында теориялык жана практикалык билимди жана көндүмдөрдү өздөштүрүп, взвод командирлерине коюлчу тапшырмаларды жана жоопкерчиликти  таанышты. Аскер кызматчылары тарамдардын башкаруу тутуму жана тарбия иштеринин уюштурулушу менен дагы кеңири таанышып, ошондой эле курал жана аскердик техниканы пайдалануу боюнча көндүмдөрдү тыкыр өздөштүрүп, аларды сактоонун эрежелерин кошо үйрөнүштү. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Уставынын талаптарын толук бойдон өздөштүрүштү.

  • Чек ара аскерлеринде кызмат өтөө –  бул жашоонун жакшы

мектеби.  Силер болсо бүгүн  армиянын өзөгү болгон офицердик курамдын бир бөлүгү болдуңар. Мекенибиздин ырааттуу өнүгүшүнө жана жаркын болочогуна Сиздердин ар бириңиздер татыктуу салым кошосуздар деп мен бекем ишенем! – деди валификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайрадан даярдоо борборунун башчысы, полковник Таалайбек Кожошев.

Баса, Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайрадан даярдоо борборунун башчысы, полковник Таалайбек Кожошев офицерлерди куттуктап, КЖжАККДБда алган билимдери аларга жарандык турмушта даш дайыма кереги тиет деген үмүтүн дагы жашырган жок!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17