Аймак

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ТИЛКЕСИНДЕГИ ӨТКӨРҮҮ ЖАЙЛАРДЫН БАРДЫГЫ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШТЕП ЖАТАТ

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ТИЛКЕСИНДЕГИ  ӨТКӨРҮҮ ЖАЙЛАРДЫН БАРДЫГЫ  ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШТЕП ЖАТАТ

 810 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынан жеңил автоунаалардан жана Кант цемент заводунун жүгүн ташыган жук ташуучу автоунаалардан тышкары Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өткөндүгүн маалымдайт. 

Анткени менен аталган өткөрүү жайларында өткөрүү жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда көрүлгөнүнө карабастан  жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу дагыле байкалууда.  Маселен, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында саат 12:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖнын алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты дагыле кезекте турат.

Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт.

   Белгилей кетчү жагдай: Кыргызстандын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматы тарабынана дагы, ошондой эле Казакстандын УККсынын Чек ара кызматы тарабынан дагы жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок! Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги  өткөрүү жайлардын бардыгы  штаттык режимде гана иштеп жатат.                                                                                                                                                                                                                                                                                               

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17