Аймак

ОШТО МАЙЫП ЖАРАНДАР МЕЛДЕШИШТИ

ОШТО МАЙЫП ЖАРАНДАР МЕЛДЕШИШТИ

 5,247 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында өлкөбүздөн Түштүк аймагы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттук мелдеш уюштурулуп, ага Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Ош шаарынан 100дөн ашык адам катышышты.

          Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кичи футбол, шахмат жана дагы аркан тартыш боюнча мелдешишти. тАркан тартыш боюнча мелдеште 1 -орунга Ош шаарынын, 2 -орунга Кадамжай шаарынын, 3 -орунга Араван шаарынын командасы татыды.  Кичи футбол боюнча жалпы 8 команда катышып, 1-орунду Таш-Көмүр шаарынын, 2 -орунду Жалал-Абад шаарынын, 3 -орунду Кара-Суу шаарынын командалары ээледи. Ал эми шахмат боюнча (1- орун) А.Топчиев, (2-орун) М.Анарбаев жана (3-орун) А.Кошоев жеңүүчү болушту.

          Ошентип, жеңүүчүлөр дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана дагы баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17