Аймак

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫН ШААР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫН ШААР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

 564 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Аюб-Тоо тоосунун этегинде шаар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаты болуп өттү.

Аюб-Тоосунун боорунда бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын жаңы желеги көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө шаардыктарды майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу Жалал-Абад дубанындагы мекендештер жана кымбаттуу калаа тургундары!

Сиздер менен жалпы республика боюнча жакшы саамалыкка айланып бараткан мамлекеттик туубузду көтөрүү жөрөлгөсүндө кайрадан жолугушуп жатканыма кубанычтамын.

Өлкө боюнча калкынын саны жагынан үчүнчү турган, убагында жаштардын жашыл шаары атанган Жалал-Абад шаарынын 146 жылдык майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүн сиздер менен бирге Жалал-Абад шаарынын көркүнө көрк кошкон айтылуу Аюб-Тоосунун боорунда бийиктиги 50 метрди түзгөн мамлекеттик туубузду бийик көкөлөтүп жатабыз. Ылайым, байрагыбыз бийик желбиреген сайын мамлекетибиз дагы жаңы бийиктиктерге, жакшы жагына карай өзгөрүүлөргө жете берсин!

Мамлекетибиздин эгемендигинин эң башкы белгиси болгон байрагыбызды бийик желбиретүү, аны көздүн карегиндей сактоо, аяр мамиле жасоо мекендештерибиздин, айрыкча, өсүп келе жаткан муундун мекенчилдик духун күчөтүү болуп саналат.

Бул байыртадан бери келаткан ата-бабалардын эркиндикти, эгемендикти  даңктап-даңазалоо, эл-жерин коргойм деген уул-кыздардын дем-күчүн, атуулдук сезимин арттырууга багытталган жөрөлгөлүү салты. Дүйнөдө теңдешсиз “Манас” дастаныбызда да:

– Желеги туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй.

Асаба туудан бөлүнбөй,

Ааламдын жүзү көрүнбөй” –

деген саптар ар бир кыргыз уулунун денесин дүркүрөтүп, демине дем кошуп, чыйралтып турат.

Чынында чамгарагынан алтын түстүү күн нуру чачыраган кызыл туубуз кыргыз журтчулугубуздун, байыркы ата-бабаларыбыздын басып өткөн бай тарыхын – уюткулуу көчмөн элдин философиясын чагылдырып турат. Кызыл тууларды кылкылдата көтөрүп, “каруусун казык, канын азык” кылып жүрүп канчалаган кас-душмандарды жеңип, урпактардын келечегине кам көрүп, керемет Кыргызстанды Мекен кылып бизге аманат калтырган баатыр бабаларды эсибизден чыгарбашыбыз керек!

Өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн Курманбек баатыр, Жаныш-Байыш баатырлар, Нүсүп миң башы жана башка баатыр бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган дүйнөгө таанымал Арсланбапты, касиеттүү Сафед-Буланды, Аркыт, Кара-Алмайдай жер соорусун, тоо койнунда өзүнчө бир кооздукту камтыган Сары-Челекти, канча ооруга шыпаа болгон Аюб-Булак сындуу керемет жерлерди барктап-баалай билишибиз зарыл!

Соңку эки жылдан бери бабалардын ыраазычылыгы үчүн өлкөбүздүн жети дубанына мына ушундай кызыл желегибизди асмандата желбиретүү жөрөлгөсүн салтка айланттык. Өзүңүздөр билесиздер, Эгемендигибиздин 31 жылдыгында Сары-Өзөн Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда, үстүбүздөгү жылы көз карандысыздык майрамыбызды белгилөөнүн алкагында ордолуу Ош шаарында, андан көп өтпөй Теңир-Тоонун Кочкор жергесинде Ормон хан атабыздын 230 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында түндүгүн күн нуру чайыган кырмызы туубузду бийик көтөрдүк.

Ал эми сиздер байырлаган берекелүү Жалал-Абад шаарынын 146 жылдык майрамынын алкагында да бул жакшы жөрөлгөбүз унутта калган жок. Аюб-Тоонун боорунда көтөргөн туубуз бир туунун астында биригип, бекем ынтымакты сактап иш алпаруунун, эч кандай ажырымга жол бербөөнүн чакырыгы болсун.

Бүгүн кызыл туубузду көтөрүү менен бирге Жалал-Абад шаарынын күнү кеңири масштабда белгиленип жатат.

Мына бул биз турган Аюб-Тоонун этегинен байыркы убактарда Улуу Жибек жолунун бир каттамы өткөнү белгилүү. Учурунда Жалал-Абад калаасы Ооганстан жана Кытай менен тыгыз соода байланышта болгон. Мына ушул тогуз жолдун тоомундагы шаарыбыз ошол мезгилдерде эле Фергана өрөөнүнүн экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна түз таасир этип турган.

Техниканын доору сүрүп турган бүгүнкү заманда дагы жети дубан Кыргызстандын бир ыптасын толуктап, өлкөбүздүн ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүндө, көп этностуу элдердин ынтымагы менен маданиятынын ширелишинде күнөстүү Жалал-Абад жергесинин орду чоң.

Урматтуу мекендештер! Жалал-Абад шаарынын тургундары!

Сиздерди Жалал-Абад шаарынын күнү менен дагы бир жолу куттуктайм!

Шаар күнүндө бир эсе шаарыбызга көрк берген, бир эсе жамы журттун жүрөгүн туйлатып, Мекенди сүйүү сезимдерин козгогон эн тамгабыз – мамлекеттик желегибиз эч качан түшпөсүн! Тоо койнунда өскөн кыргыз уулу Аюб-Тоодогу кызыл туубузду көргөндө колун жүрөгүнө коюп, бабалар мурас кылган аскар тоолуу, айдың көлдүү Ата Мекенди кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү парзын эстеп турсун!

Ар дайым бир туунун астында биригип, Ата Журттун алдыга арымдашына бир муштумдай түйүлүп, ынтымактуу кадам таштайлы.

Элибиз эсен, Мекенибиз тынч болсун! Асманыбыз ачык, туубуз көктө желбиреп, түндүгүбүз бийик болсун!”.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17