Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН 146 ЖЫЛ МАЙРАМЫНА КАРАТА СТЕЛА-ФЛАГШТОК АЧЫЛЫП, ТУУ КӨТӨРҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН 146 ЖЫЛ МАЙРАМЫНА КАРАТА СТЕЛА-ФЛАГШТОК АЧЫЛЫП, ТУУ КӨТӨРҮЛДҮ

 1,248 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышууга келди.

Майрамдык салтанатта калаанын “Ч.Айтматов” аймактык башкаруусундагы Аюб-Тоо кыркасына жаңы курулган стелла-флагштокто Кыргыз Республикасынын Туусу көтөрүлдү.

Аталган стелла-флагштокту куруу облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып ага 16 миллион 745 миң сом жумшалган.

Курулушту “Строун Групп” жоопкерчилиги чектелген коому 2022-жылы ноябрь айында баштаган.

Стелланын узундугун 50 метрди түзөт.

Стелла-флагштоктун айланасы Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан каржыланып көрктөндүрүлдү. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 миллион 683 миң сом, башкача айтканда 10% каражат жумшалган. Ал эми облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 90 % каржыланган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17