Аймак

ЭАУда 1-КУРСТА БИЛИМ АЛГАНДАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда 1-КУРСТА БИЛИМ АЛГАНДАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,551 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 26-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.)1-курста билим алган жаштарына студент наамын ыйгаруу салтанаты өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, студенттик турмуштун эң маанилүү жана биринчи майрамы – биринчи курстагыларга студент наамын ыйгаруу салтанаты. Салтанаттын башында 1-курс студенттерин алардын алгачкы студенттик майрамы менен куттукташып, алардын өкүлдөрүнө символикалык студенттик билет, сынак китепчесин жана билим ачкычын тапшырышты. Андан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору майрамдык концерт тартуулады. Концертте окуу жайдын мыкты ырчылары шаңдуу ырларды ырдап, бий топтору улуттук жана заманбап бийлерди бийлеп,  тамашакөйлөр жана амалкөйлөр топтору учкул тамашаларды тартуулашты. Жалпысынан аталган салтанат жогорку уюшкандыкта жана окуу жайдын мыкты салттарында өткөрүлдү.

“ЭАУнун 1-курсунун студенттерин студент наамынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окуусунда ийгиликтерди каалайбыз, -дейт ректорат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17