Аймак

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУНДА ЖЫЛ БАШЫНАН ТАРТЫП 16 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛДҮ

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУНДА ЖЫЛ БАШЫНАН ТАРТЫП 16 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛДҮ

 975 Бардыгы /

          Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында жыл башынан тартып 6 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул туурасында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

          Маалыматка караганда, аталган жолдун 6 чакырымы республикалык бюджеттен каржыланды. Бирок, жолдордун курулушуна жалпы жонунан 41 миллион сом каралган. Булар Исхак Раззаков-Беш-Бала-Ак-Суу жолунун төрт чакырымы жана Исхак Раззаков-Гордой-Кекире жолунун эки чакырымы. Ал эми 10 чакырым 495 метр автоунаа жолдоруна 33 миллион 185,3 миң сомдук асфальт төшөлдү.

          Баса, бардык чыгымдар Лейлек районундагы Айыл Өкмөттөрүнүн жергиликтүү бюджетинен, Баткен облусунун жана Лейлек районунун Өнүктүрүү фонддорунан, ошондой эле үлүштүк гранттын эсебинен дагы каржыланды.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17