Аймак

Абдилбает МАМАСЫДЫКОВ: ”КУДАЙДЫН БУЙРУГУСУЗ КУУРАЙДЫН БАШЫ ЫРГАЛБАЙТ!”

Абдилбает МАМАСЫДЫКОВ: ”КУДАЙДЫН БУЙРУГУСУЗ КУУРАЙДЫН БАШЫ ЫРГАЛБАЙТ!”

 906 Бардыгы /

Тагдырдын буйругу экен. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынакка Борбор Азия Эл аралык университетинин Президентинин кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает МАМАСЫДЫКОВ дагы катышып, жыйынтыгында Батыралы СЫДЫКОВ атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору болуп дайындалды. Жаңы жетекчини жумуш үстүндө кармап, ачык-айкын кепке тарттык.

      – Абдилбает мырза, соңку кезде Борбор Азия Эл аралык

университетиин Президентинин кеңешчиси элеңиз. Анан эле

күтүүсүздөн Оштогу Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору кызматына дайындалып калдыңыз. Эмнеге?

– “Кудайдын буйругусуз куурайдын башы ыргалбайт!” – деген накыл кеп

бар элибизде. Биринчиден, бул – тагдырдын буйругу. Экинчиден, билим берүү жана илим министрлигинин тандоосу. Үчүнчүдөн, мен үчүн  буга чейинки ишмердигимде топтогон бай тажырыйбамды өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшүнө, рынок шартындагы коомдогу атаандаштыкка туруктуу жаштарды тарбиялап өстүрүүгө арнап, ааламдашуунун арааны ачылып турган шартта калкыбыздын жер бетинде улут катары сакталып калышы үчүн маңдай тер төгүүгө берилген мүмкүнчүлүк, ошону менен катар эле чоң жоопкерчилик катары дагы түшүнөм. Берилген мүмкүнчүлүктү туура жана натыйжалуу гана пайдаланып, жогорку жетекчилик тараптан жүктөлгөн жоопкерчиликти бул университеттин эмгек жамааты менен биргеликте   так аткарылаарына мен бөркүмдөй гана ишенем!

      – Сиз «Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндөгү» Жобого ылайык атайын сынакка катыштыңыз беле? Бошогон орунга деги канча талапкер ат салыштыңыздар? Сиз кантип аларды уттуңуз?

       – Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган сынакка катышпасам, бул кызматка мен кантип келмек элем? Баскынчылык менен чаап алып, кызмат ордун ээлеп алгыдай жоокердик заман эмес да бүгүн. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө болуп өткөн баш аламан күндөр дагы акырына чыгып, баардык тармакта мыйзамдуулук бекем орногондугун Сиз менден жакшы билесиз. Сынакка  жалпысынан жети талапкер катыштык. Менин атаандаштарымдын баардыгы тең билимдүү, илимдүү, тажрыйбалары жетиштүү адамдар болгондугу көпчүлүккө маалым. А менин жеке көз карашымда, ар бирибиздин иш тажырыйбабыз, илимдеги ордубуз  жана дагы ушул сыяктуу жетекчиге абадай зарыл инсандык өзгөчөлүктөрүбүз жогорку билим берүү мекемесинин жетекчисине керектүү сапаттарды мыкты билген компетенттүү сынак комиссиясы тарабынан тыкыр түрдө каралды.  Жөнөкөй кассир, бухгалтерликтен баш бухгалтер кызматына чейинки, жөнөкөй окутуучулуктан кафедра башчысы, факультеттин деканы, окуу жана илим багыты боюнча университеттин проректору,  ректору кызматына чейинки эмгек жолум Эл аралык долбоорлорду пайдалуу багытка жумшоодогу адал эмгегим,  комиссия тарабынан калыс бааланып, “Достук” орденине татыган Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ишмердигин жаңы баскычтарга алып чыгат деген ишеним артылды деген ойдомун. 

– Сиз жаңы жумушуңузду адегенде эмнеден баштадыңыз?

   – Жогорку билим берүү тармагында жөнөкөй мугалимдиктен ректорлук кызматка чейинки тепкичтерди басып өткөн тажырыйбам болсо дагы,

Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – менин эмгек жолумда туш келген жаңы чөйрө. Себеби, бул окуу жай Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн дипломатиялык кызматташтыгынын алкагында Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде, билим берүү жана илим изилдөө ишмердиги аркылуу этностор аралык  достукту жана биримдикти ого бетер күчөтүп,  тарыхый тамыры бир эки элдин ортосундагы маданий, социалдык карым-катыштын үзгүлтүксүз уланышын камсыз кылуу максатында гана ачылып, кыска убакыт аралыгында достуктун алтын ордосуна гана айланган университет. Мындан тышкары бул жерде дүйнөгө белгилүү академик-окумуштуулар эмгектенишет. Ошондуктан, Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору кызматын – окуу жайдын билим берүү, таалим-тарбия жараянындагы, илим изилдөө багытындагы жана коомдогу, эл аралык деңгээлдеги ордун, ошондой эле артыкчылыктарын, мезгил талабына жараша өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого багыттап, ар бир түзүм менен тыкыр түрдө дагыле таанышып жатам. А түгүл эмгек жамааты менен ийри отуруп, түз кеңешип, ишмердик багыттарын оптималдаштырууну макулдашып, иш жүзүнө ашырууга батыл кириштим.

– Эмгек жолуңузга дыкаат көз жүгүртсөк, Сиз Ош облустук бухгалтердик мектебин бүтүрүп, эмгек жолуңузду кассир-бухгалтерликтен гана баштапсыз. Анан бир катар окуу жайларындагы ректорлук кызматка чейинки секирикти деги кантип жасадыңыз?

– Ооба, Ош облустук бухгалтердик мектептин “Айыл чарба ишканаларынын бухгалтердик эсеби” адистигин артыкчылык диплом менен бүтүрүп чыкканым ырас. Бирок, Сиз белгилеген кызмат тепкичтеринде ошол эле билим менен иштөө таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан, ал кесиптик окуу жайды аяктаарым менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-экономика факультетиндеги “Бухгалтердик эсеп жана анализ” адистигине тапшырып, аны дагы артыкчылык диплом менен бүтүп, жогорку билимге ээ болгомун. Мындан тышкары Эл аралык университетинин “Юриспруденция” багытындагы “Бизнес жана укук” адистигин да ийгиликтүү аяктап, анын дагы артыкчылык дипломуна татыгамын. Ушундан соң гана Орусиянын Москва мамлекеттик университети жана Воронеж мамлекеттик университети менен биргеликте ачылган  Жалал-Абад коммерциялык  институтунун  (ЖАКИ) аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүндө 08.00.12 “Бухгалтердик эсеп, статистика” адистиги боюнча окуп, илим изилдөө жолуна түшкөмүн. Анын жемиши катары 2013-жылдын 21-ноябрында Орусиянын Воронеж мамлекеттик университетинин диссертациялык кеңешинде   кандидаттык диссертациямды ийгиликтүү коргоп, “экономика илимдеринин кандидаты” илимий даражасына ээ болгомун.

  Ал эми 2015-жылдын 26-февралында бир убакта эки адистик боюнча  докторлук диссертациямды ийгиликтүү коргоп, экономика илимдеринин доктору илимий даражасын алууга жетиштим. Демек, жеке турмушумдагы кесиптик билимимди тынымсыз түрдө жогорулатып, өндүрүштөгү ишмердигимди илим менен айкалыштыра алганымдын натыйжасы, Сиз баса кызмат тепкичтерин кыска мөөнөттө басып өтүүгө өбөлгө болду деп ишенимдүү түрдө гана айта алам.

Экономика илимдеринин доктору дагы экенсиз. Диссертацияңызды кайсыл темада жана каерде коргогонсуз? Мунун Кыргыз республикасынын экономикасына пайдасы – таасири тийдиби?

– Докторлук диссертациям кайсыл темада, кайсыл жерде корголгондугу тууралуу жогоруда айтып өттүм. Ал эми илим багытындагы изилдөөмүн өлкөбүздүн экономикасына таасири боюнча кеп кыла турган болсок мактангандай болуп калам го. Бирок, Рысбай  Абдыкадыров: “Чындыкты айтып мактанган, ден соолукка пайда!” – деп айткандай, учурдан пайдаланып, айрым учуруларга токтолуп өтүүгө туура келип жатат. Себеби, экономикалык багыттагы илимпоз десе эле жеңил жерден киреше таап, кызылдай акчанын алдында кала турган жолду көрсөтө турган адам сыңары тааныган чоң жаңылыштык! Илимий даражасы бар экономист – бул коомдун күндөлүк керектөөсүн камсыз кылуу багытында иштеп жаткан мамлекеттик механизмдердин натыйжалуулугун, эл аралык экономикалык жана соода-сатык алакаларында эки тарапка бирдей пайда алып келе турган ыкмаларды иштеп чыгуу чеберчилигине ээ болгон адис.

Мен эмгек жолумда Билим берүү жана илим министрлигиндеги илимий иштерди бюджет тарабынан каржылоо үчүн сынактык негизде тандоо боюнча экономика тармагындагы эксперттик топтун мүчөсү, Жогорку аттестациялык комиссиясынын мүчөсү, Жалал-Абад  облусун өнүктүрүү боюнча экономикалык кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каржы-экономикалык кеңешинин мүчөсү, Жалал-Абад облустук коллегиясынын мүчөсү, Жалал-Абад областында туризмди өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Кыргызстан Финансисттер Ассоциациясынын мүчөсү, Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI, VII, VIII чакырылышынын депутаты, фракция лидери, көпчүлүк каолициянын лидери катары эмгектенип, өлкөбүздүн – Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө белгилүү деңгээлде өз салымымды кошо алдым деген терең ишеничтемин!

– Абдилбает мырза, Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин аброюн дүйнөлүк алкакта көтөрүп, андан ары жогорулатуу максатында Сиздин кандай план-программаңыз бар? Буларды жакын арада жүзөгө ашырууга Сиздин күч-кубатыңыз, менеджерлик дараметиңиз жана дагы каржы булагыңыз жетээр бекен?

– Эл аралык макамга ээ жогорку окуу жайына жүктөлгөн милдеттер дагы, миссия дагы өзгөчө боло тургандыгын көпчүлүк жакшы билет. Биз кеп кылып жаткан университеттин миссиясы дагы, аткарып жаткан иштери дагы ал талаптарга шайкеш келет. Мен жетекчи болуп келгенге чейин деле бул окуу жай өзүнүн макамына гана ылайык, бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келгендиги маалым. Ошондуктан бул университетти чөлкөмдүк, а түгүл, дүйнөлүк деңгээлдеги ири университеттердин катарына алып чыгуу –  менин көздөгөн максатым! Ал мүдөөмдү жүзөгө ашыруу үчүн университеттин мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары, айрым бир толуктап иштеп чыга турган жагдайлары менен таанышып чыккандан кийин перспективалык план иштелип чыкты.

Белгиленген перспективалык  планды жүзөгө ашыруунун этаптары бар. Буюрса, аларды аткарууга күч-кубатым дагы, иш тажырыйбам дагы, менеджерлик чеберчилигим дагы жетишет десем аша чапкандык болбос. Буга кошумчалай кетээрим: биздин университеттин өсүп-өнүгүшү үчүн, өзүнүн эмгек жолун  аброю дүйнөлүк деңгээлдеги бийик университеттен көргүсү келген, мезгил агымы менен тең жарышып жашаган ар бир кызматкер, ар бир мугалим, рынок экономикасынын атаандаштыгы күчтүү шартында туруктуу ордун табууну максат кылган алдыңкы көз караштагы студенттер  жакшы иштердин аткарылышында кол куушуруп сырттан карап турбастан, жеке салымын кошот деген бекем ишенимдемин!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17