Аймак

ЖОЛ ТЫГЫНЫН ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАР КОЮЛДУ

ЖОЛ ТЫГЫНЫН ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАР КОЮЛДУ

 768 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарындагы унаа тыгынын жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков проспектиси, Б.Эркинбаев (мурдагы А. Чехов көчөсү) жана Жусуп Абдырахманов көчөлөрүнө барып, жол тыгынын жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Облус башчысы жергиликтүү бийликке калаанын борбордук бөлүгүндөгү баш аламан унаа кыймылын жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи. Мында айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды жаратуу үчүн тез арада унаа токтотуучу аянттарды уюштуруу аракетин көрүүнү тапшырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл ошол эле учурда үзгүлтүксүз жол коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын эскертти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17