Аймак

“ЧЕК АРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР” ЖАНА DWA УЮМДАРЫ “КЛООПТУ” КОЛДООГО ҮНДӨДҮ

“ЧЕК АРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР” ЖАНА DWA УЮМДАРЫ “КЛООПТУ” КОЛДООГО ҮНДӨДҮ

 1,032 Бардыгы /

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) жана Deutsche Welle Akademie (DWA) уюмдары “Клооп Медианын”   жабылышына каршы атайын билдирүү жарыялашты.  Аталган Уюмдардын биргелешкен Билдирүүсүндө дүйнөдөгү сөз эркиндигин коргоого алган 50 өлкөгө жана Медиа эркиндиги коалициясына (Media Freedom Coalition) кайрылып, Кыргызстандын прокуратурасынын иликтөөчү сайтты жабуу аракетине чогуу каршы турууга катуу үндөдү.
          – Бул коррупциянын бетин ачкан иликтөөчү Медиа жалпы дүйнөдөгү сөз эркиндигин коргоочулардын колдоосуна гана татыктуу! Клооптун куугунтукталышы бул – Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери көз карандысыз маалымат каражаттарына жасалып жаткан репрессиянын эн белгиси. RSF Медиа эркиндиги коалициясынын чечкиндүү реакциясына үмүт артат. Клоопту кугунтуктоо жана сөз эркиндигин кысымга алуу токтошу кажет! – деп билдирди “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.

          Баса, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Фейктер” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алган. Буга “УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” деген материал негиз болгон. Министрлик ушул эле кабарды жүйөө кылып ушул жылдын 12-сентябрында “Клооптун” орус тилиндеги сайтын жапкан. Атайын кызмат материал “Чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна гана шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.
          Мындан тышкары Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын такыр эле жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта гана белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин түрдө сындап, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

          Бирок, кийинчерээк “Kloop” порталынын юристтери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каршы эки арыз жазып, Бишкектин административдик сотуна дагы кайрылышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17