Аймак

ДЕПУТАТ ЭМИЛ ЖАМГЫРЧИЕВГЕ КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШИ КАЙРА ЖАНДАНДЫ

ДЕПУТАТ ЭМИЛ ЖАМГЫРЧИЕВГЕ КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШИ КАЙРА ЖАНДАНДЫ

 630 Бардыгы /

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иш кайра жанданды.Бул иш боюнча соттук отурум Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук райондук сотунда 7-декабрга белгиленгенин “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы 5-декабрда билдирди.

Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган. Анда судья Тажибаева Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясынын) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Мурдараак анын аты аталган мекеменин Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык пара боюнча окуяда аталган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку Сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Жогорку Сот Эмил Жамгырчиевге жана Бактыбек Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырганын мекеменин басма сөз кызматы 11-январда билдирген.

Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири.

Маселе парламентте каралып, добуш берилгенден кийин былтыр 27-ноябрда УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё бергени маалымдалган, 1-декабрда атайын кызмат депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген.

Кийин 11-январда Жамгырчиев парламент жыйынына келген жана чек арадан өзүн эч ким кармабаганын журналисттерге билдирген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17