Аймак

ОБЛУС БАШЧЫ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТОРДУ, ИНТИМДИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ЖАЙЛАРЫН ЖОЮУ, ККМ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН КҮЧӨТҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

ОБЛУС БАШЧЫ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТОРДУ, ИНТИМДИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ЖАЙЛАРЫН ЖОЮУ, ККМ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН КҮЧӨТҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

 771 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 4-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев облустук укук коргоо органдарынын башчылары, аким-мэрлер, райондук жана шаардык салык кызматтарынын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунун аймактарында ККМ боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин колго алуу, бирдиктүү терезе түзүү менен керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу, жумушун жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ага катар кызматкерлерден жер-жерлерде салык эрежелерин аткаруу жана жакшыртуу боюнча сунуш пикирлерин сурады.

Облус башчысы укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийлик башчыларына интимдик кызмат көрсөтүүчү жайларды жана уюшкан кылмыштуу топторду болтурбоо боюнча бир катар тапшырмаларды берип, чогу иш алып барууну милдеттендирди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17