Аймак

НООКЕН РАЙОНУНДА ИРИ ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

НООКЕН РАЙОНУНДА ИРИ ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

 831 Бардыгы /

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы “Арт Софт КГ ” ЖЧКсынын Кыргызстандагы директору Рашанбек Шамшидинов, Орусиянын “SASSA GROUP” компанияларынын директору Ерден Мухаметов, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Долбоор ылайык фабриканын курулушун 2024-жылдын соңуна чейин аяктоо пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң АКШ долларын түзүп, 560 жаңы жумуш орундары пайда болот. Текстиль фабрикасында пахтадан кездеме жана даяр продукцияларды өндүрүүгө чейинки керектүү шарттар түзүлмөкчү.

Облус башчысы бул демилге аймактагы дыйкандардын көп жылдан бери түйшөлтүп келе жаткан пахтанын биржадагы баасына болгон көз карандуулуктан арылуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, даярдалган өндүрүмдөрдү экспортко чыгаруу менен жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга чоң салым кошоорун билдирди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17