Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУБУЗДА ЖАҢЫЛАНУУ, ӨНҮГҮҮ БОЛУП, ИЙГИЛИКТЕР МЕНЕН КОШТОЛСУН!

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУБУЗДА ЖАҢЫЛАНУУ, ӨНҮГҮҮ БОЛУП, ИЙГИЛИКТЕР МЕНЕН КОШТОЛСУН!

 627 Бардыгы /

Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары!

Сиздерди кирип келген жаңы 2024-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Тарых барактарынан орун алып, турмушубузга терең из калтырчу 2023-жылды да узатып бара жатабыз. Бул жылы өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык, тармактарында көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтер жаралганы баарыбызга маалым.

Өтүп бара жаткан жылы Жалал-Абад облусубузда да бир топ иш аракеттер жасалды. Аймактарды өнүктүрүү, калкты жумуш менен камсыздоо, жол куруу, өндүрүштү жандантууга өзөчө көңүл бурулду. Жергиликтүү бийлик жетекчилерин эл менен тыгыз иштөө, көйгөйлөрүн ыкчам чечүүнү колго алуу тапшырмалары күчөтүлдү. Буйруса, келээрки жылы да Жалал-Абад облусунун өнүктүрүүгө койгон жигердүү аракеттерибиз мындан кем болбойт.Биздин эң башкы максат, элибиздин турмушун жакшыртып, мамлекетибиздин бекемдигин камсыздоо.

Жыл ичинде аткарылган иштерге токтолсок, Жалал-Абад облусу боюнча 45 млрд. 334 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи  107,8 пайызды түздү. Ал эми жыл жыйынтыгы менен  49 млрд 734,0 млн. сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүү күтүлүүдө. Бул жылы облуста 1 миң 254 жаңы ишкана түзүлдү.  Мындагы көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 819 ишканага көп. Аларда жалпысынан 5 миң 75 жаңы жумуш орундары пайда болду.

Жыл ичинде облус аймагында социалдык объектилердин курлушуна өзгөчө көңүл бурулду. Мында жалпы 28 мектеп, 16 бала бакчанын жаңы имараттарынын курулушу аяктады. Облустук клиникалык ооруканасынын неврология, терапия жана нефрология бөлүмдөрү жайгаша турган 100 орундуу имараттын курулушу 280 млн сомго, Р.Г.Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 96 орундуу имараттын курулушу аяктап, 300 млн сом акча каражаты жумшалды.  “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду тарабынан 100 орундуу балдар ооруканасынын имараттарынын курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Жыл ичинде облус аймагында 11 фельдшердик-акушердик пункттун имараты колдонууга берилди.2023-жылдын октябрь-декабрь айларында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда эки миңден ашуун көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Жыл ичинде облустун Сузак жана Ноокен районундагы 116 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө демөөрчүлөр менен бирге турак жай курулуп, пайдаланууга берилди.

Жалал-Абад облусунда 2023-жылы жалпы 264,33 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары аткарылды. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 159 чакырымга көп. Мында республикалык бюджеттен 133 чакырым, жергиликтүү бюджеттен 93,76 чакырым, райондук өнүктүрүү фонддордон  25,57 чакырым жол оңдоо жумуштары жасалды. Ага утурлай “Ош-Бишкек” автоунаа жолунун “Жалал-Абад-Маданият” аралыгында  67 чакырым жолго асфальт төшөө иштери толук бүткѳрүлдү.

“Балыкчы-Жалал-Абад” альтернативдик автожолунун Көк-Арт ашуусундагы туннелдин  3 миң 850 метр аралыгын казуу иштери бүткөрүлдү.Ал эми Энергетика тармагында 7 чакан ГЭСтин курулуш иштери  кызуу журуп жатат. Анын ичинен 4 чакан ГЭСтин курулуштары аяктап, экөө ишке берилди.

Өнөр жай тармагындагы ишке берилген ири инвестициялык долбоорлор арбын, алсак:

–         Чаткал районунда  “Вертекс Голд Компани” ЖЧКу тарабынан  жаңы алтын ылгоочу фабрикасынын (ЗИФ) курулуш иштери толук бүткөрүлүп, ишке берилди.  Анда 137 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

–         Сузак районунда сүт заводунун курулуш иштери толук аяктап, ишке берилди.

–         Базар-Коргон районунда кубаттуулугу суткасына 15000 даана бышкан кыш чыгаруучу “Кыргызкыш” заводу курулду.

–         Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бийликтин каржылоосу менен Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү чакан завод ишке берилди.

–         Аксы районунда 200 орундуу тигүү цехтин курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү алдында турат.

–         Бул жылы АИ-92, АИ-95 маркасындагы бензинди чыгаруу үчүн “Кыргыз Петролеум Компани” нефтини кайра иштетүү заводунун өндүрүшүн модернизациялоо иштери башталды. Учурда техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) иштелип чыгып, каржылоо булактары аныкталууда.

–         Сузак районунун Барпы айыл аймагында “Орис НПЗ” ЖЧКсы  тарабынан долбоордук бюджети 255 млн. сомду түзгөн  мунайды кайра иштетүүчү, ЕАЭБ талаптарына  ылайык, АИ-92, АИ-95 маркасындагы жана битум чыгаруучу заводу курулду.

–         Тогуз-Торо районунда “Макмал Голд Компани” ЖЧКу тарабынан этти кайра иштетүүчү ишкананын курулушун толук бүткөрүлдү.

–         Ала-Бука районунун “Баймак—автожол” өткөрмө бекетине жакын жерге “Бай-Талаа” соода логистикалык борборунун биринчи этабы аяктап, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен мал-жандык экспортто иши жолго коюлду.

–         Ноокен районунда пахта текстиль кластерин түзүү менен биргелешкен ишкана куруу багытында Өзбекстандын “Арт Софт”, “SASSA GROUP” жоопкерчилиги чектелген коому жана райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте үч тараптуу келишимге кол коюлду.

–         Көмүр кенин иштетүү боюнча КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппараты менен Россия Федерациясынын «АБ ЭНЕРГО» компаниясынын ортосунда “Кара-Тыт” көмүр кенин иштетүү боюнча кубаттуулугу 660 МВт болгон көмүр жылуулук электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюлду. Долбоордун наркы 2,26 млрд. АКШ долларын түзүп, курулушун 2024-жылы баштоопландалган.

–         Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Россия Федерациясынын “ЮНИФРОСТ” жоокерчилиги чектелген коому жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ортосунда балык чарбасын түзүү боюнча үч тараптуу инвестициялык долбоордун килишими түзүлдү. Анын балпы баасы 100,0 млн. АКШ долларын түзөт.

Урматту Жалал-Абад облусунун тургундары!

Облусубузда 2023-жылы жогоруда белгилеп өткөн иш-аракеттерди аткаруу колго алынды.  Келээрки 2024-жылы да социалдык-экономикалык багыттагы бир катар жумуштарды пландаганбыз. Мына ушинтип облус аймактарындагы тургундарыбыздын жашоо-шартын жакшыртуу аракеттерибизди уланта бермекчибиз.

Жаңырган жыл жалпы мамлекетибиз, аны менен катар Жалал-Абад облусубузда жаңылануу, өнүгүү жана ийгиликтер менен коштолсун!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана бакубаттуулук каалайм!

Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен!

Абсаттар Сыргабаев,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17