Аймак

УЗАГАН ЖЫЛЫ ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 56 ЖАҢЫ ИШКАНА АЧЫЛДЫ

УЗАГАН ЖЫЛЫ ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 56 ЖАҢЫ ИШКАНА АЧЫЛДЫ

 429 Бардыгы /

          Өткөн 2023-жылда Ош облусунун аймагында 56 жаңы өнөр жай ишканасы ачылып, пайдадланууга тапшырылды. Бул туурасында президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Мунун аркасында 1000ге жакын жумуш орундары дагы түзүлдү.

          Жалпы жонунан былтыр Ош облусунун өнөр жай тармагында 15 миллиард 931,3 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Кызмат көрсөтүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 миллиард 171,5 миллион сомго көбөйгөн.

          Ошентип, Ош облусунун өндүрүш тармагы узаган жылда туруктуу өсүштү жана олуттуу жетишкендиктерди дадгы көрсөттү. Тармактын келечектүү тенденцияларына таянып, жаңырган жылы дагы жемиштүү натыйжаларга жетиши күтүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17