Аймак

БАТКЕНДЕ 23 МИЛЛИОН СОМГО КУРУЛГАН МАЛ БАЗАР ИШКЕ КИРИШТИ

БАТКЕНДЕ 23 МИЛЛИОН СОМГО КУРУЛГАН МАЛ БАЗАР  ИШКЕ КИРИШТИ

 648 Бардыгы /

          Баткен облусунун борбору Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында курулган муниципалдык мал базар акырыы пайдаланууга тапшырылды. 

          Президенттин Баткен облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган мал базарды куруу үчүн Баткен шаардык мэриясы тарабынан 1,5 гектар жер бөлүнүп, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 22,8 миллион сом дагы каралган. Натыйжада базардын айланасы бүтүндөй тосулуп, бастырмалар кошо орнотулуп, үстү дагы толук бойдон жабылды. Ошондой эле малды жүктөп түшүрүүчү жайлар, санитардык өтмөктөр, трансформатор, жарыктандыруу, суу сактагычтар жана дагы административдик имарат кошо салынды.

          Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында курулган муниципалдык мал базардын ичине 500 баш бодо мал беймарал батат. Мунун курулуш иштери 2023-жылдын март айында башталган эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17