Аймак

БАТКЕНДИК АЙЫМДАР МЫНДАН АРЫ ЗАМАНБАП СПОРТ ЗАЛДА МАШЫГЫШАТ

БАТКЕНДИК АЙЫМДАР МЫНДАН АРЫ ЗАМАНБАП СПОРТ ЗАЛДА МАШЫГЫШАТ

 567 Бардыгы /

Баткен жергесинде аялдар үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга тапшырылды. Бул туурасында Президенттин Баткен облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

          Маалыматка караганда, аталган спорт зал жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун ого бетер арттыруу, спорт менен машыгууларына заманбап шарт түзүү максатында гана Баткен районунун чек арада жайланышкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерлигинде курулду. Аталган жай облустагы кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси сыңары эсептелинет. Кыз-келиндер үчүн спорт комплексинин ачылыш аземине катышкан президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев айыл тургундарын кубанычтуу саамалык менен кызуу куттуктап, «Дени сак эне – дени сак улут», аялдар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу аракети мындан ары дагы активдүү улантылаарын баса белгилеп, 400 миң сомдук спорттук жабдууларды тапшырды. Ушуга улай эле демөөрчүлөр жана «Аялдар тынчтык долбоору» тарабынан 850 миң сомдук, Кыргызстандын айылдык ден соолук комитети тарабынан 750 миң сомдук спорт залга керектүү болгон жабдуулар алынып берилди.

          Баса, аталган спорт залдын курулушуна жергиликтүү бюджеттен, дем берүүчү гранттан жана дагы жеке демөөрчүлөрдөн, ошондой эле Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, толук кандуу бүткөрүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17