Аймак

АЧЫК БОЛСУН АСМАНЫҢАР, ЖОЛУҢАР, ДАРЫГЕРЛЕР, ДАРТ КӨРБӨСҮН КОЛУҢАР!

АЧЫК БОЛСУН АСМАНЫҢАР, ЖОЛУҢАР,  		ДАРЫГЕРЛЕР, ДАРТ КӨРБӨСҮН КОЛУҢАР!

 348 Бардыгы /

Ноокат райондук аймактык ооруканасынан эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт. Бири сакайып, ак халатчандарга алкышын айтып, өз үйүнө, өлөң төшөгүнө кайтып баратса, ал эми экинчиси дарыгерлердин колунун жеңилдигин гана тилеп, операциялык үстөлдө жатат. Айтор, бүтпөгөн турмуш, үзүлбөгөн үмүттөр…

           Кенжекан МОМИНОВА,   Ноокат райондук аймактык оорукнасынын башкы медайымы:

– Көрдүңүздөр го… Биздин ооруканабыз эң эски. Тээтигил Союздун эң алгачкы жылдарында эле курулган. Ошого карабастанбиз баарын теңэптештирип келатабыз. Шартыбыз орточо эле. Эң башкысы: сыркоолорго жана алардын тууган-уруктарына биз сый-урмат менен сылык-сыпаа мамиле жасап келатабыз.Дегеле оройлугубуз жок! Биз деле заман талабына жараша ыңгайлаштык. Дартка чалдыккандардын эртерээк сакайып кетишин Кудайдан гана тилеп олтурабыз.

          Нуршад КЕНЖЕБЕКОВА, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну:

– Бул – менин биринчи төрөтүм. Сүйүнчү! Кыздуу болдум. Атын өз ара кеңешип-таңашып жатып Асема койдук. Доктурлардын колу аябай жеңил экен. Кыйналбай-этпей эле көз жардым. Ак халатчандарга менин ыракматтан башка айтаар сөзүм жок! Өмүрлүк жолдошум – архитектор. А мен – дизайнер аржитектормун. Иши кылып кыз-келиндерибиз көбүрөөк төрөп, ылайым Кыргыз калкыбыз бара-бара көбөйсүн! Жергебизде түбөлүк стабилдүүлүк гана өкүм сүрсүн!

          Айсалкын ИМАМИДИН кызы, бейтаптын апасы:

– Мен кызым Каныкей МУСТАФАЕВАны карап жатамын. Өпкөсү катуу сезгенген экен. Ооруканага абдан оор акбылда гана алып келгенбиз. Доктурлар мыктылап карагандыктан, садагаңды кетейиним тез эле сакайып кетти. Моминтип өзү деле басып, турганга жарап калды… Көз тийбесин!

          Бекжан СУЛТАН уулу, Ноокат райондук Аймактык ооруканасынын педиатры:

– Каныкей МУСТАФАЕВАнын өпкөсү катуу кагынган экен. Муну медицинада пневмания деп коет.  Жаш кыз жакшылап дем ала албай, улам-улам энтигип калыптыр. Андан көз айырбастан катуу карадык. Азыр ал-акыбалы кыйла дурус. Аппетити дагы ачылып, өзү тамак-аш жегенге дагы жарап калбадыбы…

          Арипжан ХАМРАЛИЕВ, Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат кыштагынын жашоочусу:

– Менин бөйрөгүм таштай катып, заарам таптакыр чыкпастан, өлө кыйналым-кысталдым. Айлам таптакыр куруганда мени ушул ооруканага алып келишти. А азыр, Кудайга шүгүр, мурункуга  караганда кыйла эле жакшымын! Өзүм кадимикдей даарат ушатам. Ээн-эркин басканга дагы кудуретим жетет. Бул жерде тааныш-билишчилик жана дагы акча-пакча деген жок! Бизди доктурлар жана мээрбан эжелер өзүбүздүн эле балдарыбыздан беш бетер, а түгүл алардан кем эмес эле карап жатышат…

          Динара ТОКТОРОВА,         Ноокат райондук Аймактык ооруканасынын директору – башкы дарыгери:

 –        Ноокат райондук Аймактык ооруканасы 605 орундуу. 20 клиникалык бөлүмдөн турат. Ноокат районуна караштуу алты кыштакта бөлүмдөрүбүз, мындайча айтканда, филиалдарыбыз дагы бар. Сыркоолорду 94 дарыгер, 415 орто медициналык кызматкер, 235 кенже медициналык кызматкер такай гана карашат. Албетте, көйгөйлөрдөн деле куру эмеспиз! Бизде кадрлар таңкыстыгы бар. Маселен, ооруканабызга 5 дарыгер, ошондой эле 50 орто медициналык кызматкер чындап жетишпейт. Менимче, жергиликтүү бийликтин көмөгү аркасында бул таңкыстыктан жакын арада  кутулабыз деген үмүттөбүз!

          Айтмакчы, Ош облусуна караштуу Ноокат райондук Аймактык ооруканасы өткөн кылымда, тактап айтканда, 1932-жылы негизделген экен. Бул жерде адегенде 25 койкалуу бөлүм гана ачылыптыр. Дээрлик бир кылым аралыгында бул оорукана моминтип республикабыздагы көп орундуу жана дагы ар тармактуу бейтапканга айланып олтурат. Көз тийбесин!

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ноокат району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17