Аймак

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ СУЗАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫЛАНГАН ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ СУЗАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫЛАНГАН ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

 750 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак айыл өкмөтүнүн имараты күйүп кеткенден кийин кайрадан калыбына келтирилди.

Дээрлик 3 жылдан бери оңдолбой турган имарат Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары -УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүнүн астында толук оңдоодон өтүп, 27-январда генералдын катышуусунда пайдаланууга берилди.

Эске салсак, Сузак айыл өкмөтүнөн 2021-жылдын октябрь айында өрт чыгып, имараттын ичи толугу менен күйүп, сырткы бөлүгү гана сакталып калган болчу. Мында эмеректер, архивдик документтер, иш кагаздар күлгө айланган.Бул учурда тилсиз жоонун кесепетинен беш жарым млн. сом зыян тартышканы маалымдалган.

Камчыбек Ташиев ушул эле күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешине кызматтык унаа тапшырды.

Буга чейин ардагерлер алыска иш-чараларга чыкканда кыйналып жатканын айтып, кичиавтобус бөлүп берүүнү суранышкан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 143 миң атайын кызматтын ардагери бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17