Аймак

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ “КУРМАНБЕК” СТАДИОНУН ЖАҢЫЛОО ИШТЕРИН ТЕКШЕРДИ

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ “КУРМАНБЕК” СТАДИОНУН ЖАҢЫЛОО ИШТЕРИН ТЕКШЕРДИ

 348 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” борбордук стадиону толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Кечээ, 28-январда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты.

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” борбордук стадионундаазыркы тапта жумуш кызуу жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, эл аралык талаптарга жооп заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Муну менен Эл аралык бардык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.  Каржылоо жагы демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып, 40 млн. сомдун тегерегиндеги акча жумшалат.

Бул стадион 1967-жылы ашар жолу менен салынган. Камчыбек Ташиев стадиондун айланасындагы чарба иштерине дагы сын айтып, бир катар кемчилдиктерге токтолуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.

Курманбек стадионунун ээлеген аянты 3,6 гектар . 4 миң 500 орундук бар. Жалпы 12 кызматкер эмгектенет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17