Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА ЭРКЕКТЕРДИН ДЕН СООЛУГУ БИР АЙЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

КЫРГЫЗСТАНДА ЭРКЕКТЕРДИН ДЕН СООЛУГУ БИР АЙЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

 433 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоого багытталган “Жооптуу бол!” республикалык бир айлыктын башталганын жарыялайт. Февраль айынын ичинде эркектерге медициналык кеңеш алуу үчүн жергиликтүү баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына баруу сунушталат.

Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) болуп турган. Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат.

Бир айлыктын негизги максаты – жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу, ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу. Өткөн жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 000ден ашык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 000 эркек баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 20% түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Акция биринчи жолу 2019-жылы «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Кампаниянын ийгилигин жана таасирин эске алып, 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын февраль айында республика боюнча бир айлыкты өткөрүү буйругун чыгарган.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган, ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда. ЖЭО долбоору тууралуу толук маалымат алуу үчүн Бегайым Эгимбаева коомчулук менен байланыш боюнча адиске кайрылыңыз, тел.: (0770) 545404, email: egimbaeva.b@gmail.com

Сайт: https://ncdproject.kg/

Facebook: https://www.facebook.com/ncd.kyrgyzstan

Instagram https://www.instagram.com/ncd_kg/

***

Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга 500 миллионго жакын швейцариялык франкты техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам катары көрсөткөн. Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык башкармалыгы  тууралуу толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:  Турсунай Чодурова коомчулук менен байланыш боюнча адис, Швейцария Элчилиги/Бишкек, тел.: +996 312 301036, email: tursunai.chodurova@eda.admin.ch

Сайт: https://www.eda.admin.ch/bishkek.

Fаcebook: www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan

Instagram: www.instagram.com/swissembassykg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17