Аймак

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТА ИЙГИЛИКТЕР ЖАРАЛУУДА

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТА ИЙГИЛИКТЕР ЖАРАЛУУДА

 360 Бардыгы /

Эл аралык кызматташтык: Ички иштер министрлиги эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү бир катар натыйжалуу иш-чараларды жүргүздү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө максатында миңге чукул иш-чаралар уюштурулуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу жагы бекемделүүдө. Дүйнө жүзүндөгү 27 өлкөнүн ички иштер министрликтери менен тыгыз байланышты чыңдап, бир катар ири долбоорлорду, келишимдерди, меморандумдарды кабыл алууга жетиштик. Анын алкагында, эл аралык донорлордон 221 миллион сомго бааланган ар түрдүү авто-техникалык жана кызматтык керектөөдөгү каражаттарды алып, ишке киргиздик. ИИМдин жетекчилигинин катышуусунда эл аралык маанидеги, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, элчилери, эл-аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү менен маанилүү маселелер боюнча жүздөгөн жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, отурумдар уюштурулуп, өз ара кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн бардык ички иштер министрликтери жана Шанхай Кызматташтык Уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык Уюму, Сауд Аравия Королдугунун, Бириккен Араб Эмираттарынын, Кытай, Корея, Түркия, Япония, Монголия мамлекеттери
менен жемиштүү кызматташтыкты жүзөгө ашырды. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркия Республикасынын Ички иштер министри Али Ерликая, Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев, Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри Пулат Бобожонов, Азербайжан Республикасынын Ички иштер министри Вилаят Эйвазов, Казакстан Республикасынын Ички иштер министри Ержан Саденов, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри, Ван Сяохун жана Сауд Аравия
Падышалыгынынын Ички иштер министринин орун басары Насер бин Абдель Азиз Аль Дауд менен жолугушуп коопсуздук, коомдук тартипти чыңдоо максатында бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17