Аймак

КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ХОККЕЙ ОЙНООЧУ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ХОККЕЙ ОЙНООЧУ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

 402 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Тогуз-Торо районунун Казарман айылында кышкы туризмди жана спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү максатында узуну 60 метр, туурасы 35 метр хоккей ойноочу аянтчасы ачылды.

Хоккей ойноочу аянтчанын ачылышына район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Жарбашов, Хоккей федерациясынын президенти Турдаалы Аскарбеков, райондук О.Чопиев атындагы балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин хоккей боюнча командасы, машыктыруучулары, айылдык кеңештин төрагалары Таалайбек Токтоболотов, Урмат Токтожумаев мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Район акиминин өз сөзүндө хоккей аянтчасынын ачылуусу бүтүндөй район эли үчүн жакшы жышаан жана кышкы спорттун түрү боюнча аренага чыгууга  мүмкүнчүлүктөр жаралганын баса белгиледи

Аким Манас Мураталиев хоккей оюнуна  расмий ачылышына старт берди.

Ааянтчаны жергиликтүү бюджеттин жана  Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Элиза АКЖОЛТОЕВА, Тогуз-Торо району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17