Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
769 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ооган жергесинде Ооган элин ички тышкы душмандардан коргоп, атуулдук милдетин өтөп Ооган согушуна 7,5 миң Кыргызстандык эр азаматтар барган он жылдын ичинде биздин Кыргызстандан баргандардын ичинен 248 жоокер курман болуп жерине тирүү кайтпай калган. Бул апаат согуштун кесепети, андагы эр азат уулдарыбыздын эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын элибиз дагы бир жолу далилдешти. […]
770 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ооган жергесинде Ооган элин ички тышкы душмандардан коргоп, атуулдук милдетин өтөп Ооган согушуна 7,5 миң Кыргызстандык эр азаматтар барган он жылдын ичинде биздин Кыргызстандан баргандардын ичинен 248 жоокер курман болуп жерине тирүү кайтпай калган. Бул апаат согуштун кесепети, андагы эр азат уулдарыбыздын эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын элибиз дагы бир жолу далилдешти. […]
ООГАН СОГУШУНУН БААТЫРЛАРЫНА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛДУ
15.02.2024 / Автор anarkan_kg771 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Ооган жергесинде Ооган элин ички тышкы душмандардан коргоп, атуулдук милдетин өтөп Ооган согушуна 7,5 миң Кыргызстандык эр азаматтар барган он жылдын ичинде биздин Кыргызстандан баргандардын ичинен 248 жоокер курман болуп жерине тирүү кайтпай калган.
Бул апаат согуштун кесепети, андагы эр азат уулдарыбыздын эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын элибиз дагы бир жолу далилдешти. Ооган элин ички, тышкы душмандардан коргоо менен өз жоокердик милдетин аткарып 84 Аксылык жигиттер Ооган жеринде кызмат кылган. Анын ичинен 19 жаштагы Ренат Газиев деген эр азамат жигитбиз Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну согуш талаасында Ооган элин коргоодо салгылашып жатып курман болгон. Эл эр азат уулунун эрдигин эске алып, мезгилинде айылдагы борбордук көчөгө ысмын беришкен. Үч-Коргон айылынан 22 жоокер Ооган согушуна катышып андан 21 жоокер жергебизге аман-эсен кайткан, алардын ичинде жаракат алгандар болгон, кудайга үшүгүрчүлүк учурда 21 жоокерден бүгүнкү салтанатка 17 жоокер катышып жатат. Бул күн бул баатыр жоокерлерибиздин эсинде түбөлүккө калмакчы. Эстеликтин тургузулушуна Ооган согушунун ардагерлери өздөрү да демилгечи болуп, бул демилгени жеке демөөрчүлөр да кубаттого алышып, мындай жакшы демилгени Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Маматысак Жапаров, Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары да жактырып жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом карап беришип, бүгүн Ооган Баатырларына Облусубузда экинчи болуп эстелик тургузуп салтанаттуу ачылышы болуп жатат. Эстеликти ачууга Аксы районунун жетекчилери. Эмгектин ардагерлери, Үч-Коргон айылынын тургундары арбын келишти. Салтанатты Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Маматысак Жапаров ачып, Ооган согушунун ардагерлерин куттуктады. Андан соң сөзгө чыккан Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков куттуктап, элибизде журтубузда экинчи мындай апаат согуштар болбосун, жерибизге тынчтык орносун деген ак тилегин билдирип, эстеликти тургузууда мыкты салым кошкондорго Ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле Ооган согушунун ардагерлерин Советтик аскерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгын 35 жылдык маарекеси менен Үч -Коргон айылдык ардагерлер кеңешинин төрагасы Асаналы Токторбеков, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Ысмайыл Усубалиев , райондук Аскер комиссариятынын комиссары Бексултан Саркаров жана Үч-Коргон айылындагы Ооган согушунун катышуучуларын мектепте тарых сабагынан окуткан мугалими , эмгектин ардагери Турсун эже Нышанова, жана башкалар чыгып сүйлөп куттукташып, бул жакшы саамалык болгондугун белгилешип, демөөрчүлөргө, айыл өкмөт башчысы Маматысак Жапаровго терең ыраазычылыктарын билдиришти жана Ооган согушунун ардагерлерин Советтик аскерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгын 35 жылдыгы менен куттукташып, ден соолук, узун өмүр, үй -бүлөлүк кут береке каалашты. Бул тарыхый мааниси бар даталуу күнгө жана эстеликтин ачылыш аземине карата айылдагы Н. И. Мешков, Токтогул атындагы жана Салибай Шатманов атындагы орто мектептердин таланттуу окуучулары чоң программадагы концертин тартуулашты. Акырында Ооган согушунда курман болгон жалпы эле Советтик жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.
Абдымомун КаЛБАЕВ, Аксы району
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.