Аймак

АРАВАНДА ЭГИЗ КЫЗЫН САБАГАН КЕЛИН ЭНЕЛИК УКУГУНАН АЖЫРАТЫЛДЫ

АРАВАНДА ЭГИЗ КЫЗЫН САБАГАН КЕЛИН ЭНЕЛИК УКУГУНАН  АЖЫРАТЫЛДЫ

 675 Бардыгы /

Ошентип, эгиз кыздарын тынымсыз сабаган 21 жаштагы келин энелик укугунан биротоло ажыратылды. Эки бөбөк атасынын колунда калтырылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

          Айтмакчы, мындай чечимди Араван райондук соту чыгарды. Аял шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, сот залынан эле камактан бошотулду. Ал эми эгиз кыздар атасында калтырылды. Эске салчу жагдай: өткөн жылдын ноябрында кыздарын сийип койгондугу үчүн сабаган эненин видеосу тараган. Кийинчерээк келин кармалып, ага «Уруп-сабап кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Эгиз кыздар анын биринчи күйөөсүнөн экендиги, ал сабаган учурда экинчи күйөөсү менен жашап жаткандыгы  ашереленген.

          Айтмакчы, былтыр ноябрь айында кыздарын сийип койгондугу үчүн сабаган эненин видеосу кеңири тараган. Кийинчерээк милиция бөбөктөрдүн 21 жаштагы энеси кармалып, ага «Уруп-сабап кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун ачыктаган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17