Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
613 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 19-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2022-жылдын 23-августунда кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу боюнча “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өткөрүлдү. Форумга ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку […]
614 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 19-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2022-жылдын 23-августунда кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу боюнча “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өткөрүлдү. Форумга ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку […]
“КООПСУЗ ӨЛКӨ – ТУРУКТУУ КЕЛЕЧЕК” ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ
19.02.2024 / Автор anarkan_kg615 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 19-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2022-жылдын 23-августунда кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу боюнча “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өткөрүлдү. Форумга ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Генералдар Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышышты.
Форумдун негизги максаты – Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.Форумдун башталышында облус аймагындагы милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишмердүүлүгү боюнча катышуучуларга маалыматтар берилди. Андан соң форумдун логотиби түшүрүлгөн төш белги, бейджик, брошюра, блокноттор таратылды. Ошондой эле “Укук бузуунун алдын алуу негиздери” темасындагы жана Жалал-Абад ОИИБдин 2023-жылы аткарган жумуштары камтылган атайын видеоролик көрсөтүлдү. Мындан сырткары кылмыштын кесепеттери камтылган сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү.
Форумдун жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, убакыт бөлүп келип катышып жаткандарга ыраазычылык билдирди. Жарандардын коопсуздугун натыйжалуу сактап, элдин бейпил жашоо-шартын камсыздоо үчүн, 2021-жылдын 5-майында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганын белгиледи. Анын негизинде, концепция иштелип чыгып, мыйзамдын талаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн “Улуттук план” түзүлүп, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилгенин айтты. Аталган маанилүү иш-чаранын аткарылышын жалпылап, координациялык жумуштарды алып баруу Ички иштер министрлигине тапшырылганын, бүгүнкү иш-чаранын түпкү максаты “Улуттук пландын” негизинде аткарыла турган милдеттер экендигин белгиледи. Кылмыштуулуктун алдын алууда, коомчулуктагы терс көрүнүштөргө бөгөт коюуда милицияга көмөк көрсөтүп, биргеликте чогуу жумуш алып барууга чакырды.Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана башкалар сөз сүйлөп, кызматташуу жолдору белгиленди.
Ыйгарым укуктуу өкүл жарандарынын коопсуздугун сактоо, жаш өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, ага катар тармактын кызматкерлерине керектүү шарттар жаратылып, техникалар менен камсыздалып жатканын кошумчалады.
Өкүл 2024-жылы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу багытында Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 20 млн. сом акча каражаты бөлүнгөнүн, жергиликтүү бийликтер тарабынан да бир катар колдоолор көрсөтүлүп жатканын айтты. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик жетекчилерине коомдук абалды көзөмөлдөө жаатында тыгыз иш алып барууну эскертти.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов укук бузуулардын алдын алууда ички иштер органдары менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу өкүлдөрүнө жана милиция кызматкерлерине ИИМдин сыйлыктарын тапшырды.
Соңунда профилактика иштерин мындан ары дагы күчөтүү боюнча резолюция кабыл алынды.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАШТАР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН МОДЕЛДЕШТИРИШТИ
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНА ЖАҢЫ АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.