Аймак

ЭКОНОМИКА ЖАНА СООДА МИНИСТРЛИГИ «ЖЕКЕ АДАМДАРДЫН МҮЛКҮН ЫКТЫЯРДУУ ТҮРДӨ ЛЕГАЛДАШТЫРУУ ЖАНА МУНАПЫС БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ» «МАМЛЕКЕТТИК КЕПИЛДИКТЕР» МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ

ЭКОНОМИКА ЖАНА СООДА МИНИСТРЛИГИ «ЖЕКЕ АДАМДАРДЫН МҮЛКҮН ЫКТЫЯРДУУ ТҮРДӨ ЛЕГАЛДАШТЫРУУ ЖАНА МУНАПЫС БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ» «МАМЛЕКЕТТИК КЕПИЛДИКТЕР» МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ

 258 Бардыгы /

Экономика жана соода министрлиги «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 12-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча декларациянын катышуучуларынын маалымдуулугун жогорулатуу максатында «мамлекеттик кепилдиктер» маселелери боюнча түшүндүрмө берүүдө.
Мамлекеттик кепилдиктер:
 – декларациялоо жол-жобосун жүргүзүү мезгилинде укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан декларантка жана/же активдердин номиналдык ээлерине карата активдерди сатып алуу, пайданалуу же тескөө маселелери боюнча текшерүүлөргө тыюу салынат;
– декларациялоо жүргүзүлгөндөн кийин декларациялоо мөөнөтү ичинде активдердин номиналдык ээлеринен өзүнө карата менчик укугун кайра тариздөө салыктарды төлөбөстөн жүргүзүлөт;
– активдерди декларациялоо, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар кылмыш ишин козгоо, укук буузу жөнүндө иш боюнча өндүрүш, тартиптик өндүрүш, декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөө үчүн негиз катары пайдаланышы мүмкүн эмес;
– активдерди декларациялоо фактысы, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларант жана/же активдердин номиналдык ээси катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдалынбайт;
– декларант активдерди декларациялоодо өзүнүн активдеринин келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат;
– берилген атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдери бардык мамлекеттик органда үчүн декларациялоо фактысын ырастоочу документ болуп саналат;
– декларант жөнүндө маалымдар жана атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгаруу тийиш эмес
 (Мыйзамдын 6-беренесинин 2, 3, 4, 6, 7, 8-бөлүктөрү).
Мамлекеттик кепилдиктердин шарттары:
Декларциялоо датасына карата декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине катара декларацияланып жаткан активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же тескөөнүн мыйзамдуулугуна тиешелүү кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшү жүргүзүлбөсө кепилдиктер колдонулат.
Декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата өзүнүн активдери Мыйзамда каралган тартипте алар тарабынан декларацияланган күндөн тартып колдонулат
(Мыйзамдын 6-беренесинин 9, 10-бөлүктөрү).
Декларанттар жана активдердин номиналдык ээлери төмөнкүлөрдөн бошотулат:
(декларацияланган активдерди сатып алууда, пайданалууда же тескөөдө):
КР мыйзамдарында каралаган салык, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн, ошондой эле бул бузуула атайын декаларцияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуу, пайданалануу же болбосо тескөөгө байланышкан шартта, итиешелүү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен;
КРнын Кылмыш-жаза кодексинде каралаган жосундарды жасаса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен;
КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине каралаган укук бузуулар жасаса, укук бузуулар үчүн жоопкерчилигинен;
тартип жопкерчилигине алып келүүчү мыйзамдарды бузса, эмгек жана башка мыйзамдарда каралган тартип жоопкерчилигинен (Мыйзамдын 6-беренесинин 5-бөлүгү).
Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары:
Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө Мыйзамы менен белгиленген мамлекеттик кепилдиктерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана/же башка жоопкерчилик тартат (Мыйзамдын 7-беренеси). КРнын кылмыш-жаза кодексинин
228-1-беренеси (Атайын декларацияда камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаруу).

КР Мыйзамы Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө (Тиркеме).

————————————

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17