Аймак

КЕСИПТЕШТЕРИНЕ ДАЙЫМ КУБАНЫЧ ДЕМ ТАРТУУЛАГАН АГАРТУУЧУ

КЕСИПТЕШТЕРИНЕ ДАЙЫМ КУБАНЫЧ ДЕМ ТАРТУУЛАГАН АГАРТУУЧУ

 1,251 Бардыгы /

Гүлбарчын КАРАЕВА “Ынтымак” жалпы орто билим берүүчү мектебинин тажрыйбалуу мугалими. Ала-Бука районунун кесиптик колледжинин окутуучусу. «Бактынур» коомдук бирикмесинин “Мыкты мугалим”төш белгисинин, райондук, областтык билим берүү министринин ардак грамотасынын ээси. Окуучулардын сүйүктүү мугалими, кесиптештерине дайым кубаныч дем тартуулаган агартуучу.

-Гулбарчын эже, саламатсызбы? Билим берүү системасында “baalooapp”, “sabakapp””Pisa test”, “STEM” жаңы усул, жаңы ыкма менен окуучулардын билим сапатын текшерүү, түшүндүрүү, жаңы усулга кадам таштоо кандай болуп жатат? Сиз райондук башталгыч класс мугалимдеринин секция жетекчиси катары тажрыйбаңыздан бөлүшсөңүз дегенибиз, сиз райондук аймактардын лидер мугалимдеринин бардык мыкты жана алгылыктуу пикирлерин угуп, билип, көйгөйлөрү менен таанышып талкуулап, чечим таап, жол көрсөтүп келе жатпайсызбы. Арийне Ала-Бука жергебиздеги башталгыч класстардын жетишкендиктеринен да кабар айтсаңыз?

-Саламатсызбы, Ашира Кулушева. Алгач сиздей таланттуу чыгармачыл инсан менен маектешип турганыма кубанычтамын. Себеби сизди жаш талант катары  Ала- Бука районунун эли, керек болсо казак, түрк туугандарыбыз да тааныйт. Бир нече ырларыңыз казак, түрк, орус тилдерине которулуп жарыяланды, жаңылышпасам китептериңиз да чыккан. Элибиз айрыкча билим берүү тармагындагылар ырларыңызды сүйүп, эргип окушат .

Эми башталгыч класстарга билим берүүдөгү өзгөчөлүктөргө токтолсом, акыркы 5-6 жылдын аралыгында башталгыч класстардын мугалимдери мыкты тажрыйбага ээ болушту деп айта аламын. Анткени “Бирге окуйбуз” долбоорунан мугалимдердин ат көтөргүс жүгүн кантип жеңилдетүүнү түшүнүшсө, “Келгиле окуйбуз” долбоорунан баланын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө пайдалана турган модулдарды таанып билишти. Ал эми “Окуу керемет”долбоорунун негизинде окуу көндүмдөрү менен бирге математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу процессинин стратегияларын өздөштүрүп, окуучуларды окутуудагы мазмундуу, балдардын жөндөмдүүлүктөрүн жана чөйрөнү дифференциациялоо аркылуу сабактарды интеграциялап окутуу менен коюлган талаптарды

аткарып жатышат. Эсиңизде болсо бир убакта интерактивдүү окутууну түшүнбөй кыйналганбыз, а азыр болсо кайсы убакта сабакка катышпаңыз мугалимдер түрдүү стратегияларды пайдаланып, мыкты усулда сабак өткөнүнө күбө болосуз.

-Туура айтасыз, буга чейинки “Бирге окуйбуз” долбоору, “Окуу керемет”, “Ата-энелер мектеби”, айтоор бир нече долбоорлордун да активдүү катышуучусу болдук. “Baalooapp” тагы кээ бир көндүмдөр окуучулардын сабакка болгон умтулуусун жандандырып, атаандашуу бүйүрүн кызытып жатканы бүгүн ата-энелерди да кайдыгер калтырбай жатат эмеспи. Бул жөнүндө үстүртөн баамчыл бааңызды кандай түшүндүрөсүз?

-BaalooApp, SabakApp  тиркемелери жөнүндө айта турган болсом, мында окуучунун билим деңгээли, мугалимдин тажрыйбасынын деңгээли тең бааланып, эки тарап тең кайтарым байланышка ээ болот жана бул тиркемелердин натыйжасы министрликтин сайты менен түздөн түз байланышта. Башкача айтканда келечекте кайсы мектеп, кайсы мугалим кандай иш жүргүзүп жаткандыгы айдан ачык мониторинг аркылуу көрсөтүлүп турат.  Мындан тышкары баса белгилеп айта кетчү сөз, тиркеме аркылуу мугалим өзүнүн классынын билим деңгээлин өзү текшерип, кайсы окуучу эмнеден аксап жатканын көрөт жана кандай иш алып барыш керек экендигине багыт алат. Окуучу да өзүнүн билиминин реалдуу бааланып жатканына ынанат, аракеттенет.

-Pisa test мугалимдерди кайратта калтырды, анткени ар дайым беш деген баага окуган окуучу менен орто баага окуган окуучунун жыйынтыгы алмашып калгандай түр көрсөткөн. Жеке сиз pisa test туралуу кандай ойдосуз?

-Тесттерге келсек учурда ар тараптуу тесттер менен иш жүргүзүлүп жатабыз. Предметтик өздөштүрүү үчүн тесттер, олимпиадалык тесттер, Pisa жана Noody  тесттер. Сиз айтып жатпайсызбы мыкты окуучу менен орто окуган окуучунун баалары алмашып калгандай деп, жок тестте баланын натыйжалуу билими менен кошо ой жүгүртүүсү бааланат. Окуучу 45 минутада “5” деген баага жооп берген менен аны түбөлүк эске сактоосу керек жана өзү ой жүгүртүп жоопту табуусу зарыл. Себеби баланын жанында дайым китеп же мугалим боло бербейт да, ошон үчүн окуучуларды скоффолдинге жеткирүүгө, башкача айтканда өз алдынчалуулукка үйрөтүп жатпайбызбы. Ушул тесттерди ийгилик жаратуу үчүн биз жогорудагы курстарды окудук да.

Болгону мугалимдер тесттерди сапаттуу түзүп, аны баалоонун критерийлерин мыкты өздөштүрүүгө жетишүүсү керек деп ойлойм.

Гулбарчын эженин чыгармачыл жазууга багытталган тексти

Тема: МЕНИН КЕСИПТЕШТЕРИМ

Мен кесиптештеримди тизилип турган шуруга, берметке, акакка, көз мончокко окшоштурам.  Себеби мугалимдер бир тизмектей тизилип өз кызыкчылыктарын көздөп өйдө-төмөн баспаган, бир максатты көздөй ынтымактуу бир багытта аракеттенген, шурудай калыбын бузбаган сабырдуу, ар бир аял затынын ажарын ачкан шуру, берметтей керемет сыйкырга ээ инсандар.

Сабак бүтөөрү менен жибинен үзүлгөн шурулардай өз үйлөрүнө таркашса да, таң эрте кайрадан өз орундарына эч адашпай бир максатта түйшүктүү кызматтарын сагынуу менен башташат. Шуру берметтер нурун чачкандай сабакта ар бир айткан сөздөрүнөн илимдин, билимдин, ыймандын, адеп-ахлактын нуру төгүлүп, келечек муундарын жарык жолго жетелешет.

Шуруларды кооз же кооз эмес, көркөмдүү же көрксүз деп жете албай ич күйдүлүктон сөз айткандай кесиптештеримдин да маанайын түшүргөн сөздөр арбын. Бирок менин кесиптештерим ким эмне десе да, калыбын бузбай, көрккө көрк кошкон шурулардай жаркыраганы жаркыраган.

Айгүл эжеке ак берметтей нарктуу болсо, Айпери эжекени күлгүн түстөгү назик, бирок бир аз сүрдүү шуруга окшоштурам. Элгиза эжеке кармасаң кир жугузуп алчудай аяр, суктанып карап отурган көз мончоктой. Ал эми Гипариза “Ошол шуруга жетсем кана”,- деп эңсеген, эч кудурети жетип ала албаган тээ бийиктиктеги чоктой кызыл акак сымал. Айзада эжеке болсо ак маржандай баарына жагат. Замира эжеке ар кандай кийим кийсе жарашкан каухар сыяктуу  жагымдуу маанай тартуулайт. Гулшайыр эжекеме келсек, бир топ жипке тизилген шурудай, ким жардам сураса бир тизмегин аябаган жароокер, март инсан. Дилфуза эжеке болсо шаңшыган күлкүсү менен биринен-бири кооз ар түстө тизилип баарынын көңүлүн бурат. Ал эми Элмира эжеке мен да ушул шуру берметтердей качан болом деп жаңы эле өз уячасынан чыккан таптатынакай кипкичинекей берметтей. Ал эми Гүлкайыр эжеке баардык шуру мончокторго кам көрүп, алардын керемет касиетине касиет кошуп, ушул шурулардын эч кемибей,  кайгырбай, ар дайым жаркырап нурун чачып турушуна шарт түзүп, ар бир тизилген мончоктун жибин бекемдеп, акылмандуулук менен иш жүргүзгөн хан бийке, ханышалардын бой тумарына окшоштурам.

Урматтуу кесиптештерим, ар дайым жаштардын дилине жарык чачкан шурулардай нур төгүп жүрө бериңиздер. Сиздерди жакшы көрөм, бар болуңуздар!.

Караева  Гүлбарчын Абдылдаевна.

Кепке тарткан: Ашира КУЛИШЕВА, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17