Аймак

АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮНӨ ЖАРЫК БЕРИЛИП, ЖОЛДОР АЧЫЛДЫ

АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮНӨ ЖАРЫК БЕРИЛИП, ЖОЛДОР АЧЫЛДЫ

 561 Бардыгы /

          Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн бардык айылдарына электр жарыгы берилди. Буга улай эле автоунаа жолдору дагы ачылып, каттамдар мурункудай калыёдады. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

          Маалыматка караганда. Кара-Кулжа районундагы жол тейлөө ишканасы жана райкондук бийлик тарабынан ушул тапта тиешелүү катаал жана чукул чаралар көрүлүп жаткан маалы.

  • Калыё кар жаагандыктан, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда

кайрадан кар көчкү түшүү коркунучу бар.  Андыктан, элеттиктерди алыска жолго чыкпай турууну катуу эскертибиз! – деп тызылдады Кара-Кулжа районунун акими Дамир КУЛУБАЕВ.

          Баса, соёку таптагы туруксуз аба ырайынын кесепетинен аталган аймакта тынымсыз кар күрткүсү жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолуна кар көчкү дагы түшүп, трасса убактылуу жабылган эле. Мындан тышкары Алайкуу жергесинде электр энергиясы дагы үзгүлтүккө учурап, элеттиктер жарыксыз калышкан. КыргызГидроМет 18-февралдан тартып 20-февралга дейре Кргызстандын тоолуу райондорунда жана кээ бир автоунаа жолдорунда кар көчкү жүрүп, кар күрткүсү сөзсүз болоорун бир нече ирет эскерткен.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17