Аймак

КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ ЗАТТАРДЫ ТАШЫГАН ЧОҢ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАР КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАСЫН КЕСИП, АНДАН АРЫ ТАЖИКСТАНГА ӨТКӨН ЭМЕС!

КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ ЗАТТАРДЫ ТАШЫГАН ЧОҢ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАР КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАСЫН КЕСИП,  АНДАН АРЫ ТАЖИКСТАНГА ӨТКӨН ЭМЕС!

 489 Бардыгы /

Социалдык медиа түйүндөрдө соңку тапта күйүүчү-майлоочу заттардын Тажикстанга байма-бай өтүп жаткандыгы туурасында видео утуру эле таратылып жатат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик  Чек ара кызматы күйүүчү-майлоочу заттарды ташыган чоң жүк ташуучу унаалар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын кесип өтпөгөндүгүн билдирет.

          Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик  Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы күйүүчү-майлоочу заттардын транзити  Тажик Республикасына үчүнчү өлкөлөр аркылуу Эл аралык жүк ташуу тутумунун алкагында гана жүргүзүлөөрүн жана арасында Кыргыз Республикасынан  каттоодон өткөн транспорт каражаттары менен жүзөгө ашырылып келаткандыгын ачыктайт. Ал эми транспорт каражаттарынын айдоочулары жалданып гана иштеп жатышкандыгын дагы кошумчалайт.

          Андыктан, аталган видеодогу күйүүчү-майлоочу заттар Тажикстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келип, Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен чек арасын бойлоп өткөн жана тараптардын биргеликте чогуу-чараан пайдаланган Худжант-Канибадам жолу менен бараткандыгы апачык эле көрүнүп турбайбы.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17