Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫНА 16 КЫЗМАТТЫК АВТОРУНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫНА 16 КЫЗМАТТЫК АВТОРУНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

 570 Бардыгы /

Баткен облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган Форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык автоунааны тапшырды.

          Эң алыскы райондордо иш алып барып жатышкан тартип сакчылары үчүн бул кубанычтуу жаңылык эле. Ал эми жаңы кызматтык автоунаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Баткен ОИИБсынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын ого бетер жакшыртуу максатында Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди.

          Ошентип, аталган заманбап автоунаалар мындан ары иштин алга жылуусуна, ошондой эле жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө жаратмакчы.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17