Аймак

НООКАТКА СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

НООКАТКА СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

 198 Бардыгы /

          Ош облусунун Ноокат районунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында соода-логистикалык борбор курулмакчы.      Эгерде бул соода-логистикалык борбору ишке киришсе, 4 миңден ашык адам жумушчу менен дагы камсыз этилет.

          Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун маалыматына  кабарлаганда, жаңы салына турган заманбап борбордо соода-оюн-зоок комплекси, мейманкана, тиричилик буюмдарын, курулуш материалдарын, кийим-кече жана башка товарларды саткан жайлар, кайра иштетүүчү цехтер, кампа, унаа токтотуучу жай жана башкалар жайгаштырылат.

          Баса, аталган долбоорду жүзөгө игийликтүү жүзөгө ашыруу үчүн 2 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу пландаштырылып жаткандыгы баса белгиленди. Бирок, убактысы так көрсөтүлө элек.  Эгерде соода-логистикалык борбор иштеп калса,  4 миңден ашык жумушчу орун пайда болоору гана кошумчаланды.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17